Мен, Махабат Эргешовна Мавлянова, Ноокат районунун Т.Кулатов айылынын тургуну, туулган жерим, элим менен ички турпатым, жан-дүйнөм терең байланышта. Менин максатым – аймакты өнүктүрүүдөн баштап, күчтүү, адилеттүү, өнүккөн өлкөнү биргелешип куруу үчүн парламентте сиздердин өкүлүңүздөр болуу.
Айыл аймактардын көйгөйлөрү:
- Жумушсуздуктун жана миграциянын жогорку деңгээли, өзгөчө жаштар арасында;
- Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын жана логистикалык борборлордун жоктугунан айыл чарба продукциясын сатуунун жетишсиздиги;
- Мамлекеттик насыяларды алуу чектелүү жана татаалдаштырылган;
- Айыл жерлерин ичүүчү суу менен камсыз кылуунун жетишсиздиги;
- Айдоо жерлерине сугат суунун өтө тартыштыгы;
- Өнөр жай курулушу үчүн жер алуунун кыйынчылыгы, керектүү инфраструктуранын жоктугу.
Сунуштар жана ишке ашыруу механизмдери:
- Айыл чарбасын өнүктүрүү максатында ири масштабдуу мамлекеттик программаларды, иштеп чыгуу үчүн мыйзамдык базаны кабыл алуу, анын ичинде төмөнкү багыттарды багынтуу:
- фермерлер жана айылдык ишкерлер үчүн жеңилдетилген насыяларга жана гранттарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү;
- ирригациялык системаларга инвестицияларды көбөйтүү жана айыл калкын жана кичи шаарларды өнүктүрүүнү колдоо;
- кайра иштетүүчү региондук кластерлерди түзүү: сүт азыктары, мөмө-жемиштер, текстиль ж.б.;
- аймактык айыл чарба консультациялык борборлорун жана фермерлер үчүн санариптик платформаларды чыңдоо.
- Жаштардын демилгелерин колдоо жана чет өлкөдө сапаттуу билим алууга көмөктөшүү.
- Өнөр жай ишканаларын курууга, анын ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө инвестицияларды тартуу үчүн зарыл инфраструктурасы бар өнөр жай зоналарын түзүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу (Түркия, Россия, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн мисалдары менен).
- Экспорт үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорун түзүү.
- Туризмди комплекстүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана туристтик объектилерди алдыга жылдыруу.
- Башка демилгелер.
Менин иш принциптерим:
Ачыктык: дайыма отчеттор, райондун жашоочулары менен жолугушуулар, социалдык тармактар аркылуу иш алып баруу
Жоопкерчилик: ар бир убада конкреттүү иш-аракеттер планы менен бекемделет
Өнөктөштүк: жергиликтүү бийлик, бизнес, чет элдик инвесторлор жана эл аралык уюмдар менен иштөө.