КАЛМАТОВ ЖЫРГАЛБЕК САГЫНБАЕВИЧ

Мен, Калматов Жыргалбек Сагынбаевич 1972–жылдын  01–майында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Өрнөк айылында дыйкандын үй–бүлөөсүндө туулганмын.

1979–жылы Ноокат районуна караштуу Өрнөк айылындагы Кыргызстандын 40 жылдыгы орто мектептин 1–классына окууга кирип, аталган мектепти  1989–жылы бүтүрдүм.

1987–жылы Ош облусунун Ош совхоз-техникумунун агрономия факультетине окууга кирип,  1991–жылы аталган окуу жайын аяктап, өсүмдүктөрдү коргоо боюнча агрогом кесибине ээ болдум.  

1996–2001–жылдары Баткен Мамлекеттик Университетинин Кызыл–Кыя шаарындагы институтунун юридикалык факультетинде билим алып, юрист кесибине ээ болдум.   

Өзүмдүн эмгек жолумду 1995–жылдын 20–январында Ноокат районуна караштуу Он Эки Бел айыл Өкмөтүнүн “Калмат” дыйкан чарбасында  иштөө менен баштадым. Бул чарбада 1998–жылдын 30–апрелине чейин эмгектендим.

1998–жылдын 04–майынан 2017–жылдын 03–майына чейин “Жетигенфарм” ЖЧКнун директору, 2009–жылдын 30–апрелинен 2017–жылдын 03–майына чейин “Медцентр им.Калматова” ЖЧКнун директору кызматтарында иштеп келдим.

2021-жылдын май айынан баштап 2024-жылдын ноябрь айына чейин Кызыл-Кыя шаардык кенешинин төрагасы кызматын аркаладым.

Кызыл-Кыя шаардык кенешинин V, VI, VII, VIII чакырылыштарынын депутаты болуп шайланып, элге кызмат кылып келемин.

Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин Ардак грамоталары жана КР Президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы менен сыйланганмын. 

Үй–бүлөөлүүмүн, 4 баланы тарбиялап жатамын.