1. Негизги максатым

 

Менин максатым-Кыргызстандын жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу, адилеттүү коом түзүү жана өнүгүүнүн туруктуу жолуна чыгуу. Ар бир жаран өз өлкөсүндө коопсуз, камсыз жана сыймыктануу менен жашоого тийиш.

 

  1. Экономикалык өнүгүү
  • Ишкерликке шарт түзүү: салыктарды жөнөкөйлөтүү, майда жана орто бизнеске женил кередиттерди берүү;
  • Аймактык өнүгүү фонддорун түзүү- ар бир райондо жаны жумуш орундарын түзүү;
  • Айыл чарбасын колдоо: фермерлерге субсидия, жаны технологияларды киргизүү, экспортко жол ачуу;
  • Энергетикада ички ресурстарды натыйжалуу пайдалануу.

 

  1. Социалдык саясат

 

  • Ар бир жарандын сапаттуу билим жана медициналык тейлөө алуу укугун камсыздоо;
  • Мугалимдер менен дарыгерлердин эмгек акысын көтөрүү;
  • Жаштар саясатын өнүктүрүү: билим гранттары, жаштар үчүн турак-жай программалары;
  • Майыптыгы бар жарандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү.

 

  1. Билим берүү жана маданият
  • Мектептерди заманбап стандарттарга ылайык жабдуу;
  • Кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү;
  • Улуттук маданиятты жана тилди колдоо, кыргыз тилин өнүктүрүү;
  • Китепканалар менен маданият үйлөрүн калыбына келтирүү.

 

 

  1. Адлеттик жана укуктук тартип
  • Коррупцияга каршы катуу саясат: ачык-айкын мамлекеттик башкаруу;
  • Сот системасын реформалоо – элге ишенимдүү жана калыс сотторду түзүү;
  • Милициянын ишин элге кызмат кылган структурага айлантуу.

 

  1. Экология жана айлана-чөйрө

 

  • Сууну, жерди жана токойлорду сактоо боюнча маамлекеттик программа;
  • Калдыксыз өндүрүштү өнүктүрүү;
  • Таза энергия булактарын колдоо (гидро, күн, шамал)
  • Айыл жеринде таштандыларды кайра иштетүү долбоорлорун ишке ашыруу.

 

  1. Сырткы саясат
  • Улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана тен укуктуу эл аралык кызматташуу;
  • Коңшу өлкөлөр менен достук жана экономикалык байланыштарды бекемдөө;
  • Кыргыз мигранттарынын укуктарын коргоо.

 

  1. Жарандар менен байланыш
  • Ар бир аймакта жарандар менен түз жолугушууларды өткөрүү;
  • Онлайн кайрылууларды кабыл алуу жана отчет берүү системасын түзүү;
  • Элдин үнүн угуу жана мыйзам чыгарууда эске алуу.