АМАТОВ ЖАНЫБЕК ЖЕНИШБЕКОВИЧ
Мен, Жаныбек Жеңишбекович Аматов, 1989-жылы 22-апрелде Ош облусунун Өзгөн шаарында төрөлгөм.Мен эмгекчил үй-бүлөдө чоңойгом. Атам Жеңишбек Авазович Аматов шахтер, ал эми апам Тотухан Таштемировна Аматова ашпозчу болгон.1995-жылы А.С. Пушкин атындагы №4 орто мектептин мектепке чейинки классына кирип, 2007-жылы бүтүргөм. Ошол эле жылы Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институтуна (КИТЭП БатСУ) тапшырып, 2012-жылы каржы жана кредит адистиги боюнча бүтүргөм. 2015-жылдан 2018-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында юриспруденция боюнча магистр даражасын алгам. 2014-жылдын январынан 2024-жылдын ноябрына чейин Кызыл-Кыя балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде самбо боюнча машыктыруучу болуп иштедим. Мен 20 жылдан ашык убакыттан бери спорт менен алектенип келем. Мен күжүрмөн самбо боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чеберимин. Мен көп жолку Кыргызстан чемпиону, Евразия чемпиону, Азия жана Дүйнө чемпионаттарынын медалчысы, Кыргыстан Республикасынын Президентинин Кубогунун жеңүүчүсү жана Азия жабык оюндарынын чемпионумун (2017-жыл, Ашхабад). Спорттогу жана жаштарды тарбиялоодогу олуттуу жетишкендиктери үчүн мага сертификаттар, ардактуу наамдар жана мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган. 2020-жылдан бери Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 6, 7 жана 8-чакырылыштарынын депутаты болуп, 2024-жылдын 27-ноябрынан 2025-жылдын 29-октябрына чейин шаардык кеңештин төрагасы болуп иштедим. Мен кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде эркин сүйлөйм. Кызыл-Кыя шаарынын Кубат Асанов көчөсү, 76-үйдө жашайм.