Мен, Аматов Жаныбек Женишбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер катары,

  1. Максатым: Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө, элдин жашоо денгээлин жогорулатууга жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууга өз салымымды кошуу. Элдин ишенимин актай турган, ачык, адилет жана жоопкердүү депутат болуу.
  2. Экономикалык өнүгүү: ишкерликке шарт түзүү, салык саясатын жөнөкөйлөтүү;  Жергиликтүү өндүрүштү колдоо; Инвестиция тартууну женилдетүү жана аймактарда чакан бизнеске колдоо көрсөтүү; энергетика тармагын реформалоо, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү.
  3. Социалдык саясат: ар бир жаран үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык тейлөө; Билим берүү тармагында реформаларды колдоо, мугалимдердин эмгегин баалоо; Жаштар жана аялдар үчүн социалдык долбоорлорду ишке ашыруу;  майып жарандар жана муктаж үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан колдоону күчөтүү.
  4. Аймактарды өнүктүрүү: Инфраструктураны (жол, суу, электр, интернет) жакшыртуу; Айыл чарбасын өнүктүрүү, фермерлерге женилдетилген насыя берүү; Жергиликтүү өз алдынча башкарууну колдоо жана алардын укуктарын кенейтүү; Аймактардагы жаштар үчүн билим берүү жана спорттук шарттарды жакшыртуу.
  5. Маданият жана айкындык: Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү; Маданий долбоорлорго, жаш чыгармачыл инсандарга колдоо көрсөтүү; Коомдук маалымат каражаттарынын эркиндигин жана жоопкерчилигин камсыз кылуу.
  6. Экологиялык коопсуздук: токойлорду сактоо жана кайра отургузуу боюнча улуттук программаны ишке ашыруу; Мөнгүлөрдү сактоо программасын колдоо жана ишке ашыруу; Жашыл шаар концепциясын ишке ашырып, таштандыны кайра иштетүүчү чакан заводдорду куруу; Жашыл энергия өңдүрүүчүлөргө салык женилдиктерин берүү; Күн панелдерин орнотууга мамлекеттик субсидия берүү.
  7. Мигранттарга колдоо көрсөтүү: документ маселесин жөнөкөйлөтүү жана укуктук жардам көрсөтүү; Мекенге кайтып келген мигранттарга бизнес баштоого женилдетилген насыя жана гранттык программалар; Чет өлкөдө укуктук коргоону камсыз кылуу боюнча эки тараптуу келишимдерди күчөтүү.
  8. Убадам: Элге кызмат кылуу-мен үчүн милдет. Менин ишим- элдин үнүн угуу, көйгөйлөрүн чечүү жана Кыргызстандын келечеги үчүн таза, жооптуу саясат жүргүзүү.