МАТРАИМОВ БАКЫТБЕК ТУРДАЛИЕВИЧ
Мен, Матраимов Бакытбек Турдалиевич 1975-жылдын 13-сентябрында, Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айылында төрөлгөнмүн. Жылы Кызыл-Кыя шаарындагы Т.Сатылганов атындагы № 6-орто мектепке барганмын. 1982-жылда Ош облусунун, Араван районунун, Төө-Моюн айылындагы Сыдыков атындагы орто мектепти аяктаганмын. 1993-1998 жылдарда Кыргыз Мамлекеттик универститинин юридикалык факультетинде “юрист” квалификациясы жогорку билим алып, “Укук таануу” адистиги боюнча диплом алганмын.
Чет тилдерин билбеймин.
Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин 1999-жылдын сентябрына чейин дыйканчылык менен алектенгенмин. 1999-жылдын сентябрынан тартып 2002-жылдын февраль айынын аягына чейин Кыргызстан Эл аралык университетинин Ош филиалында мугалим болуп эмгектенгенмин.. 2002-жылдын 28-февралынан тартып 2022-жылдын 21-сентябрына чейинки аралыктарда Кыргыз Республикасынын аскер прокуратурасынын ар кайсы аймактардагы гарнизондук прокуратураларында кызмат өтөгөнмүн. Прокуратура органдарынан ардактуу эс алууга чыгп кеткенден кийин 2004-жылдын декабрынан тартып 2025-жылдын сентябрына чейин “Мега Логистик” бажы тариздөө жайынын ишмердүүлүгүн камсыздаган “Гулистан Компани” жоопкерчилиги чектелген коомдо директордун орун басары кызматында эмгектендим.
Үй бүлөлүүмүн, 3 эрезеге жеткен, 1 жашы жете элек балдарым бар.
Азыркы учурда эч жерде иштебеймин.
Мен жана менин үй бүлө мүчөлөрүм соттолгон эмес.