Урматтуу шайлоочулар!
Мен, 1975-жылдын 13-сентябрында Ош облусунун, Араван районунун, Төө-Моюн айылында төрөлгөнмүн. Билимим жогорку: 1998-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин аяктап, “Укук таануу” адистигине ээ болгонмун.
Менин жашоодогу негизги принциптерим бул: адамдардын жана өз абийиримдин алдында ак ниеттүү чынчыл болуу.
Мен Жогорку Кенештин депутаты болуп шайлансам, шайлоочулардын эрки, кызыкчылыктары жана принциптерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын элинин эгемендүүлүк алгандан тартып жеёил эмес жетишкендиги болгон социалдык кызыкчылыктарын бекем жана принципиалдуу коргоп, өзүмдүн болгон тажрыйбамды жана билимимди төмөнкү багыттардагы укук ченем актыларын демилгелөөгө жумшаймын:
- коомдун жашоосунда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ордун күчөтүү боюнча;
- айыл жерлеринде чакан жана орто ишкерликти колдоо жана өнүктүрүү боюнча;
- мындан ары да Өкмөт тарабынан көп балалуу үй-бүлөлөрдү, жетим балдарды, студенттерди жана жаштарды колдоону ишке ашырууну жана колдоо боюнча;
- балдар жана жаштар долбоорлорду иштеп чыгып жана ишке ашырып, новатордук жөндөмдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн таланттуу балдарды жана жаштарды өспүрүм курагынан тартып мамлекеттик колдоо боюнча;
- Кызыл-Кыя шаарынын турак жай коммуналдык маселелерин чечүү жана округдагы айыл жерлеринде күнүмдүк жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча;
- табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында мамлекеттик саясаттын өнүктүрүү боюнча;
- мамлекеттик органдарда көрүнүштөрдү жоюу боюнча;
- азык-түлүккө жана эл керектөөчү товарларга бааны жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча жол жоболорду иштеп чыгууну.
Андан тышкары: сугат суу тартыштыгын жоюу максатында Көк-Жар, Төөлөс, Төө-Моюн айылдык аймактарын кошумча сугат суу менен камсыз кылуу үчүн кошумча ирригациялык системаларды куруу боюнча сунуштарды келтирууго; региондо өндүрүлгөн айыл чарба продуктыларын кабыл алуунун көлөмүн көбөйтүүгө алып келе тургандай Кызыл-Кыя консерва заводунун өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга
Урматтуу шайлоочулар, мамлекетибиздин мындан ары өнүгүүсүнө жана округдагы жашоочулардын жашоо шарттарынын баарыбыз чогуу гана жетише алабыз.