ШАМАЕВ АКЫЛБЕК АРАПБАЕВИЧ
Мен, Шамаев Акылбек Арапбаевич 1985-жылы 21-майда Ош областынын Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүндө төрөлгөнмүн. 2003-жылы Ноокат районундагы Көк-Жар орто мектебин аяктаганмын. Мектепте тарых сабагына көп кызыкканыма байланыштуу, 2003-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин тарых факультетинин тарых-укук таануу адистигине тапшырдым. 2-курсту аяктап, келечекте юрист болууга умтулуп, 2006-жылы ошол эле окуу жайдын юридика факультетине которулуп, 2008-жылы ОшМУнун юридика факультети жоюлгандыгына байланыштуу 2008-жылдан Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин юридика институтуна которулдум. Жогорку окуу жайды 2009-жылы аяктадым жана юриспруденция адистигине ээ болдум. 2021-жылы Ж.Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академисынын менеджмент багыты боюнча магистратураны, 2023-жылы Ош шаарындагы М.Адышев атындагы архитектура курулуш факультетин аяктадым. 2009-жылы июнь айынан июль айына чейин 1 айлык мөөнөттө Ош шаарындагы 36806 аскер бөлүгүндө аскер кызматын өтөдүм. 2010-жылдын октябрь айынан декабрь айына чейин, Ош шаарындагы Курманжан-Датка көчөсүнүн 209 дарегинде жайгашкан «Адам укугу жана демократия борбору» коомдук фондуна укук коргоочу болуп ишке кирдим. 2011-жылдын июнь айынан «Бай-Журт» микрокредиттик компаниясында юрист болуп иштедим. 2013-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын стенограммалар менен иштөө бөлүмүндө башкы адис кызматкери болуп эмгектендим. Ал эми 2015-жылдын ноябрь айынан Жогорку Кенештин VI чакырылышынын депутаты Масабиров Талайбек Айтмаматовичтин консультанты болуп 8 ай иштедим. Ошол эле жылы Жогорку Кеңештин Аппаратынын юридика бөлүмүндө эксперт кызматкери болуп эмгектендим. 2016-жылдын август айынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Майлуу-Суу шаары, Ноокен жана Базаркоргон райондук регионалдык башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп эмгектенип, 2018-жылы ошол эле башкармалыкка жетекчи болуп дайындалдым. 2019-жылы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ноокат жана Араван райондук регионалдык башкармалыгынын башчысы кызматына которулдум. 2021-жылы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Жалал-Абад шаары, Сузак райондук регионалдык башкармалыгынын башчысы кызматына которулдум. 2021-жылы инспекция жоюлгандыгына байланыштуу архитектуралык курулушту контролдоо боюнча Ош облустук башкармалыгынын башчысы болуп дайындалдым. 2023-жылы Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун вице-президенти андан кийин фонддун президентинин кеңешчиси жана фонддун түштүк аймактагы өкүлү болуп эмгектендим. 2024-жылы ноябрь айында фонддон өз калоом менен жумуштан бошоп, Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнө башчы кызматына конкурстун жыйынтыгы менен дайындалдым. 2024-жылдын март айынан октябр айына чейин Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп эмгектендим.
Үй-бүлөлүүмүн, жубайым Баатырбек кызы Элиза, 1995-жылы 5-апрелде Ош областынын Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө төрөлгөн. Эки уул эки кыздын атасымын. Мен жана бир туугандарымдын арасында сот жоопкерчилигине тартылгандар жок.