Мен жөнүндө
Мен, Шамаев Акылбек Арапбаевич, өлкөнүн түштүк аймагында төрөлүп, өскөн жаран катары бул аймактын ар бир көйгөйүн, артыкчылыгын так, даана билем. Бишкек шаарында жогорку билимге ээ болгондон кийин, 15 жылдан ашуун катардагы муниципалдык кызматкерден тартып республикалык маанидеги шаарлардагы мекемелердин жетектөөчү кызматтарына чейин иштедим.
Топтогон иш тажрыйбама таянып, мыйзамдардын аткарылышын ичинен билген киши катары Жогорку Кеңештеги эл өкүлү болууну, элдин мүдөөсүнө жараша натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну чечтим.
Өз тажрыйбамды эл керегине жарашына үмүт кылуу менен ишенимиңиздерди жана колдооңуздарды күтөм!
Менин максатым:
- калктын кирешесин жогорулатуу үчүн орто жана чакан ишкердүүлүктү өнүктүрө турган жана социалдык адилеттүүлүктү камсыздоочу реалдуу мыйзамдарды жазуу жана аткарышын көзөмөлдөө;
- коррупцияны түп тамыры менен жок кылуу жана казынага түшкөн каражаттардын максаттуу сарпталышын камсыз кылуу үчүн Министрлер кабинетинин ар бир кадамын ачык айкын көзөмөлдөө.
Элет өнүкмөйүн - өлкө өнүкпөйт
Бүгүнкү күндө айылдарда жаштардын саны кыскарып, көпчүлүгү шаарга же чет өлкөгө чыгууга аргасыз болууда. Анын негизги себеби — айылдарда жумуш орундарынын жана жашоо шарттарынын жоктугу.
Мен айыл жериндеги жаштарды жумуш менен камсыз кылып, профессионалдык өнүгүүсү үчүн айыл жеринде иш баштоону каалаган жаштар үчүн 0-5 % насыя берген "Айылдардагы стартап" фондун түзүүнү демилгелейм.
Ар бир айылда - IT мектеп
Биздин өлкөбүздүн чоң байлыгы — билимдүү жаш муунубуз. Алардын потенциялын толук ачууга көмөктөшүү - менин негизги милдетим деп эсептейм.
Интернет жеткен республикабыздын бардык аймагында жаштарыбыздын айылда туруп, бүткүл дүйнөгө кызмат көрсөтүүгө үйрөтүү заман талабы.
Ал үчүн ар бир мектепти заманбап компьютерлер менен жабдып, жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылууну демилгелеп, ишке ашышын көзөмөлдөйм.
Жогору Кеңеште IT сабаттуулукту башталгыч класстардын мектеп программасына киргизүүнү сунуштайм.
Дени сак коом — дени сак өлкө
“Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт”, - демекчи, далай жердештерибиз оорусу өтүшүп кеткенден кийин дарыгерлерге кайрылышат. Мунун алдын алуу үчүн ройондук, айылдык ооруканаларды толук түрдө заманбап медициналык аппараттар менен жабдуу үчүн бюджеттен каражат бөлдүрүүгө далалат кылам.
Мындан сырткары, айылдардагы массалык спортту колдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен жана Республикалык бюджеттен каражат бөлдүрүүгө, жаштардын, аялдардын жана карылар үчүн коомдук спорт аянтчаларын курууну демилгелейм.
Жашыл коом
Шаардын борборлорунда, айылда да таштандылар чоң көйгөйгө айланууда. Мындан улам таштандыларды иргөө, аны кайра иштетүүнү милтендирүүнү камсыз кылган мыйзамдарды демилгелейм.
Президенттин "Жашыл мурас" улуттук программасын толук колдойм жана анын аткарылышын жергиликтүү деңгээлде камсыздайм.
Айыл-чарба
Айыл-чарба тармагында сугат суу — эң башкы маселе.
Таза суу жана сугат суу менен толук камсыз кылуу үчүн эскирген суу түтүктөрдү, арыктарды, каналдарды оңдоп-түзөөгө жана жаңысын курууга болгон күч-аракетимди жумшайм. Тактап айтканда, Абшыр-Ата шаркыратмасы жайгашкан тоону тешип өтө турган суу канал куруу долбоорун ишке ашырууну Министрлер Кабинети менен чогуу демилгелейм.
Дыйкандардын сууну үнөмдөөчү, заманбап тамчылатып сугаруу технологияларын жайылтууну мамлекеттик деңгээлде колдоого алам.
Курулуш
Курулуш тармагы – экономиканын негизги кыймылдаткыч күчү жана жарандардын турак жай маселесин чечүү заман талабы.
Курулуштун сапатын жана сейсмикалык коопсуздугун тыкыр көзөмөлдөөчү мыйзамдарды киргизип, курулушка уруксат берүү процессиндеги бюрократияны жана коррупцияны жоюу үчүн бардык документтерди электрондук форматка толук өткөрүүнү демилгелейм.
Менин негизги максатым — мекендештеримдин жашоосун жакшыртууга, алардын ишкердүүлүгүн, саламаттыгын, билимин жогоруулатууга жардам берген мыйзамдады кабыл алуу. Эл ичинен чыккан эл уулу катары бийликтин ээси элге кызмат кылам!