МАТОСМОНОВА ДАМИРА ДЖАМАЛДИНОВНА

Мен, Матосмонова Дамира Джамалдиновна, 1970-жылдын 31-декабрында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөнмүн. Үй-бүлөдө сегиз бир тууганбыз.

         1978-жылы Кызыл-Кыя шаарынын Д.М.Карбышев атындагы №1 орто мектебинин 1-классына барып, аталган мектепти 1988-жылы аяктаганмын. Ошол эле жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин орус филология факультетине тапшырдым. Аталган университетти 1993-жылы аяктап, “Филолог. Орус тили жана адабияты окутуучусу” кесибине ээ болгонмун.

         Эмгек жолумду 1993-жылдын сентябрь айында Кызыл-Кыя шаарынын Д.М.Карбышев атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп баштаганмын. Ошондой эле, аталган мектепте 1993-2016-жылдар аралыгында орус тили жана адабияты мугалими, социалдык педагог, тарбия иштери боюнча завуч болуп эмгектенгенмин. Мектепте иштеп жүрүп, шаардык жана республикалык иш-чараларга активдүү катышып, “Жылдын мыкты мугалими”, “Мыкты орус тил мугалими” сынактарынын жеңүүчүсү болгонмун. Мен даярдаган окуучулар республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болуп келген. Ошол эле учурда “Мектепти башкаруу”, “Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ойломду өнүктүрүү”, “Инклюзивдик билим берүү”, “Көп тилдүү билим берүү” программалары боюнча тренер болуп, шаардын мугалимдеринин кесипкөйлүгүн жогорулатып келгенмин. Шаардын орус тили жана адабияты мугалимдеринин усулдук секциясын жетектеп келгенмин.

         2016-жылдын февраль айында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, 2025-жылдын 15-октябрына чейин эмгектендим.

         “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээсимин. Мамлекеттик жарандык кызматынын 1-класстагы кеңешчисимин.

         Үй-бүлөлүүмүн. Жолдошум – Ураскулов Эркинали Исмаилович, жеке ишкер. Бир уул жана эки кыздын ата-энесибиз.

         Соттолгон эмесмин.