Менин шайлоо алдындагы программамдын негизги максаты – Кыргызстандын жарандарынын жашоо деңгээлин көтөрүү. Аталган максатка жетүү үчүн төмөнкү маселелерге биринчи кезекте көңүл буруу зарыл деп эсептеймин:
- Аялдардын укуктарын коргоо, зордук-зомбулук менен күрөшүү, эне жана бала институтун чыңдоо үстүндө иштөө. Аялдарды үйдө, жумушта, коомдук жерлерде зордук-зомбулуктан сактоо үчүн нормативдик актыларды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу.
- Пенсия боюнча мыйзамдарга, токтомдорго өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу, 30 жана андан көп үзгүлтүксүз иш стажы бар жарандардын пенсияга чыгуу курагын төмөндөтүү.
3. Калктын социалдык жактан аялуу катмарларыны, ошондой эле социалдык чөйрөнүн өкүлдөрү – мугалимдерди, медиктерди, маданият тармагынын ишчилерини, ротацияланган мамлекеттик кызматкерлерди социалдык турак-жай менен камсыздоону кеңейтүүнүн үстүндө иштөө. 4. Сабак жана сабактан тышкаркы учурда мугалимдердин жана ата-энелердин укуктарын жана милдеттерин так көрсөткөн мыйзамдык актыларын иштеп чыгуу. Балдарынын билим, тарбия алуусуна, алардын коопсуз жашоосу үчүн шарттарды түзүү боюнча ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү. Балдарды окутуу жана тарбиялоо үчүн коопсуз чөйрө түзүүдө жергиликтүү бийликтин, Агартуу министрлигинин, билим берүү мекемелеринин функцияларын так көрсөтүү жана бөлүү. 5. Мугалимдердин жана медиктердин мамлекеттик мекемелерден кетүүсүн токтотууга жардам берген мугалимдердин, медиктердин статусу жөнүндө мыйзамды иштеп чыгуу. 6. Жаштарды ар тараптан колдоо – ишмердүүлүгүмдүн негизги приоритеттеринин бири болуп саналат. Мектептен тышкаркы учурда балдардын бош убактысын туура пайдалануу үчүн программаларды иштеп чыгуунун үстүндө иштөө. 7. Калктын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандары жана башка инклюзивдик топтору үчүн социалдык инфраструктураларынын объекттерине тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча шарттарды түзүүнүн үстүндө иштөө. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын сапаттуу билим, медициналык жардам, социалдык жардамдарды алуусун кепилдеген мыйзам алдындагы актыларын иштеп чыгуу. 8. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү. Тез арада сатып алууну уюштурууну талап кылган маселелерди чечүүдө бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, аз суммадагы сатып алуулардын процедураларын жеңилдетүү. 9. Кыргызстанда экологиялык ситуацияны жакшыртуу үчүн “жашыл экономикасын” өнүктүрүү ж.б.