МАДУМАРОВ АКРАМ КАМБАРАЛИЕВИЧ

Мадумаров Акрам Камбаралиевич 1977 - жылы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылында туулган. Улуту кыргыз, жогорку билимдүү. 1999 - жылы К. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын ветеринардык медицина жана биотехнология факультетин артыкчылык менен жана 2013 - жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академияcынын эл аралык байланыштар бөлүмүн аяктаган. 2002-жылы К. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин аспирантура бөлүмүн аяктап, кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган, биология илимдеринин кандидаты илимий даражасынын жана доцент (2025) илимий наамынын ээси.  Эмгек жолун 2002 - жылы Кыргыз агрардык университетинде ассистент кызматында баштап, улук окутуучу, андан соӊ 2006-жылдын апрель айынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын өндүрүштү жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн референти болуп 2008-жылдын август айына чейин эмгектенген. 2008 – 2009 жылдары Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Түштүк резиденциясынын директорунун орун басары, андан соӊ Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Аппаратында протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы болуп 2013-жылдын январь айына чейин эмгектенген. 2013-жылдын январь айынан апрель айына чейин Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин милдетин аткаруучу, апрель айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-акими болуп иштеген. 2017-жылдын июнь айынан сентябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары, 2017-жылдын сентябрынан – 2019-жылдын март айына чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору, 2019-жыл март – 2020-жыл февраль КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, андан соӊ 2020-жылдын октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри. 2021 – жылдын март айынан 2022-жылдын май айына чейин КР Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын биотехнология институнун жетектөөчү илимий кызматкери, май айынан ушул күнгө чейин, бөлүм башчысы болуп эмгектенип келет. Кошумча айкалыштыкта 2021 – жылдан К. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин доцентти кызматында эмгектенет. 2025 – жылдан – «Кызыл-Кыя машина куруу заводу» ААК Директорлор кенешинин мүчөсү. 2009 – жылдан баштап коомдук негизде “Исфайрам” футболдук клуб” Коомдук уюмунун директору. Үй-бүлөлүү.