Тажрыйба, кесипкөйлүк, жөнөкөйлүк менен – адамды урматтоо»
- Кириш сөз
Өлкөбүздүн эң башкы, чындап баа жеткис байлыгы – бул анда жашаган адамдар.
Программанын борборунда адам турат: анын өнүгүүсү, жөндөмүн жана талантын ачуу, бактылуу жашоого жетишүүсү.
Мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүүдө адамды урматтоо – сапаттуу өзгөрүүлөрдүн негизи.
Мунун аркасында жарандардын басымдуу көпчүлүгүнө ыңгайлуу, өнүккөн өлкөнү түзүүгө болот.
Биз сунуш кылган коомдун өзгөчөлүктөрү:
- адамдардын ден соолугу жана өмүрүнүн узактыгы;
- билимдин жана медицинанын сапаты жана жеткиликтүүлүгү;
- эмгекке урмат, тилектештик, боорукердик;
- бай маданий жана чыгармачыл жашоо.
Мамлекеттин натыйжалуулугу — улуттун ден-соолугуна жараша аныкталат.
- Саламаттыкты сактоо саясаты
Мамлекеттин биринчи милдети – ооруларды дарылоо эмес, ден-соолукту коргоо.
Саламаттык сактоону туура уюштуруу аркылуу ооруп калгандардын жана ооруканага муктаждардын саны кескин азайышы мүмкүн.
Негизги багыттар:
- Медициналык жардамдын элге жакындыгын жана сапатын камсыз кылуу.
- Аймактарга дарыгерлерди тартуу программаларын иштеп чыгуу.
- Реалдуу диспансеризациялоо жана массалык спорт үчүн инфраструктура түзүү.
- Дарыгерлерди максималдуу бюрократиядан бошотуу – бейтап менен иштөөгө көбүрөөк убакыт берүү.
- Саламаттык сактоодо рыноктук мамилелерге жол бербөө.
- Медицина кызматкерлеринин кадыр-баркын жана эмгек акысын жогорулатуу.
- Жаңы ооруканалар куруу жана заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу.
- Медициналык билим берүү менен практиканы тыгыз байланышта жүргүзүү.
Принцип: саламаттык сактоо – бул бизнес эмес, адамдык жана мамлекеттик милдет.
III. Билим берүү жана илим
Билим берүү – келечекке татыктуу инвестиция!
XXI кылымда билим улуттун эркиндигин, гүлдөп - өнүгүшүн жана коопсуздугун аныктайт.
Бирок азыркы учурда билим берүү системасында олуттуу көйгөйлөр бар:
- мугалимдердин эмгеги реалдуу бааланбайт;
- материалдык-техникалык база эскирген;
- билимдин сапаты заманбап талаптарга жооп бербейт.
Билим берүүнүн негизги максаты:
Эркин, жоопкерчиликтүү, адептүү жана кесипкөй жаранды тарбиялоо.
Өнүктүрүү багыттары:
- Үзгүлтүксүз билим берүү стратегиясын ишке ашыруу.
- Мектепке чейинки билим берүүнү кеңейтүү.
- Билим берүү уюмдарынын академиялык эркиндигин камсыз кылуу.
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү.
- Билим берүүгө жеткиликтүү насыяларды мыйзамдаштыруу.
- Педагог кесибинин кадыр-баркын жогорулатуу жана социалдык абалын жакшыртуу.
- Айыл чарба жана агрардык саясат
Кыргызстандын экономикасынын негизги бөлүгү – айыл чарба.
Агрардык өнүгүүдө мамлекет менен рыноктун тең салмактуу катышуусу зарыл.
Башкы милдеттер:
- Айыл чарба кооперативдерин жана азык-түлүк биржасын түзүү.
- Логистикалык борборлорду куруу жана сактоо системасын жакшыртуу.
- Айыл чарба кооперациясын стимулдаштыруу.
- Фермерлерге жана үй-бүлөлүк чарбаларга жеңилдетилген кредиттер жана гранттар берүү.
- Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү.
- Агротуризмди жана элдик кол өнөрчүлүктү колдоо.
- Айыл чарба адистерин даярдоого квоталарды киргизүү.
Негизги максат: айылда жашоо сапатын көтөрүү, жаштарга мүмкүнчүлүк берүү.
- Айыл жана шаарларды өнүктүрүү
Айыл өнүкпөсө — өлкө өнүкпөйт.
Айыл аймактарынын жана шаарлардын инфраструктурасын жаңылоо — стратегиялык багыт.
Айылдар үчүн:
- саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт объекттерин сактоо жана парк зоналарын куруу;
- жолдорду, суу жана энергия менен камсыздоону жакшыртуу;
- жергиликтүү элди жумуш менен камсыздоо маселерин ишке ашыруу;
Шаарлар үчүн:
- транспорт жана инженердик тармактарды модернизациялоо;
- социалдык инфраструктура куруу (университет, оорукана, спорт);
- турак-жай курулушун кеңейтүү;
- бардык аймактарды интернет менен камсыз кылуу.
- Ишкердикти өнүктүрүү
Кичи жана орто бизнес — экономиканын негиздеринин бири.
Мамлекет бизнеске жардам берүүчү өнөктөш болуусу зарыл.
Башкы багыттар:
- Бизнес чечимдерине эксперттик коомчулуктун катышуусун камсыз кылуу.
- Ишкердик инфраструктурасын өнүктүрүү.
- Узак мөөнөттүү, жеткиликтүү кредиттерди берүү.
- Чиновниктердин жеке жоопкерчилигин киргизүү.
- Фискалдык жүктү азайтуу жана көмүскө экономиканы кыскартуу.
VII. Жыйынтык
Биздин жарандардын жана шайлоочулардын бакубаттуулугун жогорулатуу.
Негизги баалуулук — адам жана анын кадыр-баркы.
Биздин милдет — мамлекетке, элге жана 3 шайлоо округунун жарандарына чын дилден кызмат кылуу.
Биздин программа — ачык, конструктивдүү жана ар бир жарандын сунушуна даяр документ.