АРЗЫБЕКОВ АБДУВАЛИ АРЗЫБЕКОВИЧ
Мен, Арзыбеков Абдували Арзыбекович 1970-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун ,Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван айылында туулганмын. 1977-1985-ж.ж. Караван айылындагы Куренкеев орто мектебинде билим алдым. 1985-1988-ж.ж. №8 Н.Мусаев атындагы кесиптик-техникалык лицейин бүтүргөнмүн. 1988-1990-ж.ж. Советтик армияда кызмат өтөгөнмүн. 1991-1995-ж.ж. Чарбада жумушчу болуп эмгектендим. 1996- жылдан ушул күнгө чейин Молдо Ысман дыйкан чарбасын жетектеп келем. Эки жолку Кызыл-Кыя шаардык Кенешинин депутаты болуп шайланганмын. Билимим жогорку. 2013-2019-ж.ж. Ош технологиялык Университетинде “Маалымат системалары жана технологиялары” адистигин бүтурдүм. Үй-бүлөлүүмүн, 5 баланын атасымын. Соттолгон эмесмин.