Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине депутаттыкка талапкер катары өлкөбүздун азыркы кезде экономикасында жана коомдук саясий турмушунда болуп жаткан реформаларды колдойм,жана өз салымымды кошомун. Мен төмөнкү маселелерди чечүүгө аракет кыламын:
Кыргыз Республикасынын алынган мыйзамдарын жана жаныдан ала турган мыйзамдардын долбоорлорунун сапаттуу даярдалышына жана алардын аткарылышына көзөмол жүргүзүп активдүү катышамын.
Төмөнкү багыттагы маселелер боюнча мыйзам долбоорунун даярдалышына демилгелүү боломун.
- ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ
- Ишкерликти өнүктүрүү үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасын киргизүү.
- Аймактардагы чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген насыя берүү.
- Айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүү, дыйкандарга колдоо көрсөтүү.
Жергиликтуу өндүрүштү колдоо аркылуу жумуш орундарын түзүү.
- СОЦИАЛДЫК КОРГОО ЖАНА ЭЛДИН ТУРУКТУУ ЖАШООСУ
Пенсия жана жөлөк пулдардын өлчөмүн көбөйтүү.
- Мектеп, бала бакча жана оорукана шарттарын жакшыртуу.
Ар бир жарандын сапаттуу медициналык тейлөө алуу укугун камсыз кылуу. Жаштарга билим берүү жана кесиптик даярдоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.
- АДИЛЕТТҮҮ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ТУТУМДУ ОНДОО,
- Коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү.
- Мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу.
Сот жана укук коргоо органдарын элге иштеген системага айлантуу. Мамлекеттик каражаттын ачык-айкын колдонулушуна көзөмөл орнотуу.
- АЙМАКТАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮ.
- Жолдорду, суу жана электр системаларын ондоо.
- Ноокат районунун Кулатов жана Көк-Жар, Төө-Моюн айыл аймагынын, Кызыл-Кыя шаарынын, Уч-Коргон айыл аймагынын, Масалиев айыл аймагынын ички жолдорун асфальттоого республикалык бюджеттен акча каражатын бөлдүрүүгө жетишүү. Кара-Кыштак-Кызы-Кыя таза суу долбоорун ишке ашырууга инвесторлорду тартуу жана мамлекеттик программага киргизүүгө жетишүү.
“Тегирмеч -Капчыгай-Кызыл-Кыя-Тоо-Моюн” таза суу долбоорун ишке ашырууга жетишүү.
- Ноокат -Кадамжай жолуна заманбап жол чырактарын жана электр жылыткычтарын орнотууга жетишүү.
- Айыл жергесинде мектеп, оорукана жана маданий борборлорду куруу.
- Туризмди жана улуттук ондурушту онуктуруу.
- ЖАШТАР ЖАНА МАДАНИЯТ
- Жаштардын демилгелерин жана стартаптарын колдоо.
- Спорттук жана маданий долбоорлорго мамлекеттик гранттарды көбөйтүү.
Улуттук каада-салттарды сактоо жана патриоттук тарбияны чындоо.
- АЙКЫНДЫК ЖАНА ЭЛ МЕНЕН БАЙЛАНЫШ
- Ар уч ай сайын шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүү.
- Ар бир мыйзамдын долбоору боюнча коомдук талкуу уюштуруу.
- Элдин пикирин угуп, парламенттик чечимдерге таасир этүү мүмкүнчүлүгүн кенейтуу.