РУСТАМБЕК УУЛУ СОВЕТБЕК

Рустамбек уулу Советбек 1976-жылдын 9-сентябрында Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Жатан айылында туулган. Үй-бүлөлүү, үч кыз, эки уулдун атасы.

Жогорку билимдүү. 2014-жылы Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жаңы маалыматтык технологиялар институтунун «Экономикада колдонмо информатика» адистигин бүтүргөн.

2018-жылы Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин дистанттык билим берүү борбору факультетин бүтүрүп, «Өнөр-жай жана граждандык курулуш» адистигине ээ болгон. 

1993-2021-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген.

2019-2020-жылдары Улуттук «Алыш» белбоо күрөш федерациясынын вице-президенти;

2020-жылы «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;

2024-жылы «Ишеним» партиясынын тизмеси менен VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды. 

2024-жылдын сентябрь айына чейин Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү;

2024-жылдын сентябрь айынан 2025-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Россия Федерациясы, Өзбекстан Республикасы,  Америка Кошмо Штаттары жана Канада менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобу, Япония менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобу, Иордания, Сирия Араб Республикасы, Палестина Мамлекети, Сауд Аравия Королдугу, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт Мамлекети жана Катар менен кызматташтык боюнча достук депутаттык тобунун мүчөсү.

Мыйзам чыгаруу иштери: Жалпысынан 12 Мыйзам долбооруна демилгечи болгон.

 

АЛГАН СЫЙЛЫКТАРЫ:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2024-жыл);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “ Мыйзам чыгаруу ишин                                                                      өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” медалы (2025-жыл);

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ыраазычылык каты;

- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси (2025-жыл);

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин “Кызматташтык салымы үчүн” медалы (2025-жыл);

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Кыргыз милициясына 100 жыл” юбилейлик медалы (2024-жыл);

- Кыргыз Респубубликасынын Волейбол Федерациясынын “Кыргыз волейболуна 90 жыл” юбилейлик медалы (2019-жыл);

- “Кыргызстан Компартиясына 100 жыл” юбилейлик медалы (2024-жыл);

- Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы (2020-жыл);

- Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын Ыраазычылык каты (2022-жыл);

- Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын Ыраазычылык каты (2025-жыл);

- Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы (2016-жыл);

- Ноокат райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун Ыраазычылык каты (2025-жыл);

- Т. Зулпуев атындагы Айылдык Кеңешинин Ардак грамотасы (2020-жыл);

- Т. Зулпуев атындагы Айылдык Кеңешинин Ардак грамотасы (2022-жыл);

- Т. Зулпуев атындагы айыл округунун Ардак грамотасы (2011-жыл);

- Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу;

- Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Ыраазычылык каты (2024-жыл).