Мен, Советбек Рустамбек уулу, Ноокат районунун тургуну катары, элдин үнүн угуп, көйгөйлөрүн жакындан түшүнгөн адаммын. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышына депутат болуп шайлангандан тарта, өз аймагым Ноокат району үчүн талыкпай иштеп келдим. Парламенттеги иш тажрыйбам мага мыйзамдардын иштөө механизмин терең түшүнүүгө, аймактагы реалдуу көйгөйлөрдү мыйзам чегинде чечүү жолдорун табууга мүмкүнчүлүк берди.
Мындан улам, аймагымдагы көйгөйлөрдү мындан да жогору деңгээлде, системдүү жана туруктуу түрдө чечүү үчүн Жогорку Кеңешке кайрадан депутат болуп шайланууга чечим кабыл алдым. Бул чечимим жеке максат эмес, элим үчүн кызмат кылуу, келечек муундарга өнүккөн Кыргызстанды калтыруу максатында жасалган кадам.
Башкы максаттарым:
Билим берүү системасын өркүндөтүү:
- Аймактагы эски мектептерди капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана жаңы мектептердин курулушун тездетүүнү ишке ашыруу үчүн республикалык бюджетен каражат тартуунун аткарылышын көзөмөлдөө;
- Окуучулар үчүн заманбап билим берүү шарттарын түзүү: компьютердик класстар, лабораториялар, китепканалар менен камсыз кылуу үчүн тиешелүү министрлик менен тыгыз иш алып баруу;
- Аймактагы мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу үчүн атайын курстарды уюштуруу жана аларга моралдык, материалдык колдоо көрсөтүү;
- Мугалимдер үчүн жеңилдетилген ипотека программаларын ишке киргизүү жана калыс көзөмөлдөө.
Саламаттыкты сактоо кызматын жакшыртуу:
- Аймактык оорукана, ФАП жана медпункттарды заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздоо маселелерин көзөмөлдөө;
- Айыл жергесине жаш дарыгерлерди тартуу үчүн атайын мотивациялык программаларды ишке ашыруу жана тиешелүү министрликке сунуштоо;
- Аялдар жана балдардын саламаттыгына багытталган программаларды жана мыйзам долбоорлорун активдештирүү (төрөт үйлөр, энелерге кам көрүү борборлору ж.б.);
- Медицина тармагында эмгектенгендер үчүн жеңилдетилген ипотека программаларын активдештирүү жана калыс көзөмөлдөө.
Айыл чарба тармагындагы негизги багыттар жана демилгелер:
- Айыл чарба жабдууларына, үрөн жана каражаттарга жеңилдетилген насыяларды берүү механизмин өркүндөтүү;
- Жергиликтүү продукцияны кайра иштетүүчү ишканаларды ачууну демилгелеп, кошумча нарк жаратууну колдоо;
- Эскирген суу түтүктөрүн жана суу тармактарын толук жаңылоо иштерин тездетүү;
- Айыл жерлеринде суу муктаждыгы жогору болгон аймактарга артыкчылыктуу тартипте таза суу системаларын орнотуу маселелерин көзөмөлдөө;
- Суу чарба объектилерин тейлөөчү кызматтарды күчөтүү жана алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу;
- Ар бир айылга таза суу жеткирүү үчүн республикалык бюджеттен жана Эл аралык донордук фонддордон каражат тартуу жагына көңүл буруу.
Менин принциптерим:
- Мыйзам чегинде иш алып баруу;
- Эл менен жоопкерчиликтүү жана ачык айкын иш алып баруу;
- Ар бир жарандын үнүн угуу;
- Сөз эмес иш менен кызмат кылуу;
- Жогорудагы программада көрсөтүлгөн багыттар боюнча элге керектүү мыйзамдарды иштеп чыгуу жана аткарылышын көзөмөлдөө.
Элибиздин жашоосун жакшыртуу үчүн билимимди, 7-чакырылышта иштеп алган тажрыйбамды жана күчүмдү сарптоого даярмын.