АЛИМЖАНОВА НИЛУФАР ЯКУБЖАНОВНА
Мен, Нилуфар Якубжановна Алимжанова, 1991-жылы 16-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаарында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм.
Менин жогорку билимим бар:
- 2013-жылы Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин Экономика факультетинин “Финансы жана кредит” адистиги боюнча;
- 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөм;
Эмгек жолумду 2016-жылы баштадым. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинде Башкы эсептөө борборунда жетектөөчү экономист болуп иштедим. 2021-жылы “Альянс” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышына депутат болуп шайландым.