“Күчтүү район – күчтүү өлкө”

  1. Айыл чарбасы райондун экономикасынын негизи.

Айыл чарбасы Ноокат районунун борбору. Биздин максат - дыйкандардын эмгегин кирешелүү жана заманбап кылуу.

  1. Айыл чарба насыялары боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө көмөктөшүү;
  2. Продукцияны биргелешип кайра иштетүү жана сатуу боюнча кооперативдерди түзүүгө көмөктөшүү;
  3. Рынокторго чыгууну кеңейтүү (анын ичинде эл аралык);
  4. Жерди мелиорациялоо жана жерди туруктуу пайдалануу программаларды баштоо;
  5. Айыл чарба билимин жана айыл чарба инновациясын колдоо.
  6. Инфраструктура жана жолдор

Райондун көптөгөн жолдору начар абалда болгондуктан, продукцияны ташууга, коомдук транспортко, туризмди өнүктүрүүгө тоскоол болууда.

  1. Жолдун негизги участокторун (өзгөчө алыскы айылдарда) капиталдык оңдоо жана асфальттоо иштерин баштоо;
  2. Инфраструктуралык долбоорлорго бюджеттик чыгымдардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү;
  3. Бардык айылдардын көчөлөрүн сапаттуу жарыктандырууга көмөктөшүү.
  4. Таза суу – элдин саламаттыгы

Ичүүчү суу маселеси Ош облусунун Ноокат районунун бир катар айылдары үчүн актуалдуу маселе бойдон калууда.

  1. Бардык айылдарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча өкмөттүк жана донордук программаларды баштоо;
  2. Суу түтүктөрүн реконструкциялоого жана курууга көмөк көрсөтүү;
  3. Суу ресурстарын коргоо боюнча экологиялык демилгелерди колдоо.
  4. Билим берүү – Келечекке инвестиция

Сапаттуу билим – бул биздин жаштардын өз аймагында калып, өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк.

  1. Мектептерди жана бала бакчаларды курууга жана оңдоого көмөктөшүү;
  2. Мыйзамдарды кабыл алуу аркылуу мугалимдерди колдоо;
  3. Айыл мектептерине маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана окутуунун заманбап ыкмаларын киргизүү;
  4. Жаштар үчүн IT, англис тили жана бизнес боюнча бекер курстарды баштоо.
  5. Саламаттыкты сактоо — элдин саламаттыгы

Айыл медицинасы олуттуу модернизацияны талап кылат.

  1. Райондук фельдшердик-акушердик пункттарды жана ооруканаларды модернизациялоо иштери;
  2. Айылдарды дарыгерлер жана медициналык персонал менен камсыз кылуу боюнча программаларды жайылтуу;
  3. Дары-дармек жана жабдуулар менен камсыздоого көмөктөшүү;
  4. Алыскы айылдар үчүн көчмө медициналык бригадаларды түзүү.
  5. Жаштар жана иш менен камсыз кылуу

Жаштар райондун келечеги. Биз алардын үйдө калып, өнүгүүсүнө шарт түзүп беришибиз керек.

  1. Жаштардын демилгелерин, спортту жана чыгармачылыкты, бизнес ачууну колдоо;
  2. Кол өнөрчүлүккө, айылдык туризмге, IT-технологияга жана фермердик чарбага инвестиция тартуу.
  3. Региондорду өнүктүрүү аркылуу миграцияга каршы күрөшүү

Миграция - бул зарыл чара. Мекенде жашоого шарт түзүп беришибиз керек.

  1. Кайтып келген мигранттар үчүн гранттар менен “Үйгө кайтуу” программаларын иштеп чыгуу жана колдоо;
  2. Мигранттарга райондо бизнес ачуу үчүн жеңилдетилген шарттарды түзүү.
  3. Айкындуулук жана отчеттуулук

Ар бир депутат элдин кулуну, үнү.

  1. Жылына эки жолу шайлоочуларга ачык отчет берүү;
  2. Коомдук демилгелерди жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну колдоо.