АБДИВАЛИЕВ АРТЫКБАЙ ТУРАБИДИНОВИЧ
Абдивалиев Артыкбай Турабидинович 1969-жылы Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1976-жылы Э. Тельман атындагы орто мектебине 1-класска барып, 1986-жылы аталган орто мектепти ийгиликтүү аяктаган. Кийин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Юриспруденция факультетин бүтүрүп, жогорку билимдүү.
Эмгек жолун 1986-жылы «ПМК-2» курулуш тармагында баштаган. 1987- 1990-жылыдары Түндүк Аскер - деңиз флотунда 3 жыл татыктуу кызмат өтөгөн. Жөнөкөй матростон баштап, 1-категориядагы старшина наамына чейин өсүп, өз аскер бөлүмүнүн командири болуп кызматын аяктаган.
1990-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна окууга тапшырып, сынактардан ийгиликтүү өтүп студент болгон.
1993-1996-жылдары «Ак ниет» фирмасын жетектеп жеке ишкердикти баштаган.
1996-2002-жылдары «Агрохимсервис» фирмасын жетектеп, дыйкандарга сапаттуу урон, жер семирткичтерди жана дары дармектер менен камсыздап келген. 2002-жылдан тартып азыркы учурда «Агрохимия» компаниясы дыйкандарга ар тараптуу кызмат корсотуп келет.
Мыкты менеджер катары жогоруда аталган бир канча фирманы жетектеп, Кыргызстанда биринчи жолу дары-дармек жана жер семирткичтерди өндүрүүчү «Агро Топ» кичи заводун ишке киргизди.
2017-жылы Кытайдын технологияларынын негизинде курулган «Грин лайф» аттуу күнөскана (теплица) ишин баштаган, азыркы күнгө чейин улантууда.
Талапкер жети баланын бактылуу атасы, мусулмандык парзын аткарып апасын Меккеге ажылык сапарга алып барып батасын алган инсан.