1. Айыл чарба — өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи

30 жылдан ашык айыл чарба тармагында иш тажрыйбасына таянып, агрардык реформанын негизги багыттарын белгилейт:

  • Фермердик чарбаларды модернизациялоо, ирригация жана суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү;
  • Бактарды жаңылоо — эски алма, алмурут, өрүк жана алчаларды заманбап, жогорку түшүмдүү сортторго алмаштыруу;
  • «Бир айыл — бир продукт» принципин ишке ашыруу, райондук брендди түзүү жана экологиялык жактан таза продукциянын экспортун өнүктүрүү;
  • Кооперативдерди жана кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү, кирешенин Кыргызстанда калуусун камсыздоо;
  • Переработка, сактоо жана логистика тармактарын өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана өнөктөштүктөрдү тартуу.

2. Туризмди жана агротуризмди өнүктүрүү

  • Тоо туризмин өнүктүрүү, аймактагы маршруттарды түзүү жана өнүктүрүү;
  • Туристтерге жергиликтүү турмушту көрүүгө, айыл чарба иштерине катышууга жана жергиликтүү азыктарды даамдоого мүмкүнчүлүк берген агротуризмди өнүктүрүү;
  • Туризмди багбанчылык жана мөмө-жемиштерди кайра иштетүү менен интеграциялоо: алма, алмурут, өрүк, алча жана малина өстүрүү, түшүм жыйноого жана продукция даярдоого катышуу;
  1. Социалдык өнүгүү жана миграцияны токтотуу — үйдө мүмкүнчүлүктөр
  • Айылда жумуш орундарын түзүү аркылуу миграцияны токтотуу — үй-бүлөлөрдү жылы бою иштей турган күнөсканалар, мөмө-жемиш бактарды жана кайра иштетүүчү цехтерди курууга жана пайдаланууга үйрөтүү;
  • «Бир үй-бүлө — бир күнөскана» долбоорун ишке ашыруу — ар бир үй-бүлө үйүнүн жанында **киреше булагын табуу үчүн»

Ноокат шаары, (0999)741008, Eco-teplica.kg@mail.ru