МАДМАРОВА ЭЛЬНАРА АБДУВАЛИЕВНА

Мен, Мадмарова Эльнара Абдувалиевна, 1971-жылдын 18-майында Ош облусунун Ноокат районунун Эски-Ноокат айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. 1978-жылы Ноокат районундагы Крупская атындагы орто мектепке барып, 1988-жылы ошол эле мектепти аяктадым.

1993-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин филология факультетин “Орус тили жана адабияты мугалими” адистиги боюнча ийгиликтүү аяктадым. Кийин, 1997-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин юридикалык факультетин бүтүрүп, “Юрист” адистигине ээ болдум. 2019-жылдын 28-ноябрында юридика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алдым.

Эмгек жолумду 1991-жылы мугалимдиктен баштап, билим берүү, юстиция, нотариат жана сот тармактарында эмгектендим. Тактап айтканда:

  • 1991–1996-жылдары Ноокат райондук билим берүү бөлүмүндө орус тили жана адабияты мугалими;
  • 1996–2001-жылдары Ноокат райондук ЖААК бөлүмүнүн башчысы;
  • 2001–2002-жылдары Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгында башкы адис;
  • 2002–2007-жылдары Ноокат райондук мамлекеттик нотариатта мамлекеттик нотариус жана улук нотариус;
  • 2007–2022-жылдары Ош облустук сотунун судьясы, андан кийин төраганын орун басары;
  • 2022-жылдан 2025-жылга чейин Талас облустук сотунун судьясы болуп иштеп келгем.

Мындан тышкары:

  • 1997–2007-жылдары Ноокат райондук жана шаардык Кеңештин эл депутаты болуп шайланганмын;
  • 2016–2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болгонмун;
  • 2021–2024-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинде жана Талас Мамлекеттик Университетинин кесиптик билим берүү мекемелеринде окутуучу болуп эмгектендим.

Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болгонмун, алардын катарына төмөнкүлөр кирет:

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасы (2021-ж.);
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2025-ж.);
  • Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун “Кызматташтык үчүн” медалы (2023-ж.);
  • Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын “Акыйкат” медалы (2024-ж.);
  • Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Колдоо көрсөткөндүгү үчүн” медалы (2024-ж.).

Мамлекеттик тилди, расмий тилди билем, англис тилин сүйлөшүү денгээлде билем.

Партияга мүчө эмесмин.

Экинчи даражадагы квалификациялык класска ээмин. Жалпы эмгек стажым — 34 жыл, анын ичинде сот органдарындагы тажрыйбам — 16 жыл 10 ай.

Үй-бүлөлүүмүн, үч баланын энесимин.

 

Талапкердин шайлоо алдындагы программасы: