ИЛЯЗБАЕВ НУРБЕК ИЛЯЗБАЕВИЧ

 

Мен, Илязбаев Нурбек Илязбаевич, 1992-жылдын 30-сентябрында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында төрөлгөм.     Үй-бүлөдө алты бир тууганбыз: төрт эже-сиңди жана эки бир тууган уулбуз.

1999-жылы Кыргыз-Ата айылындагы Т.Темиралиев атындагы орто мектептин биринчи классына бардым. Орто мектепти бүткөндөн кийин, көпчүлүк сыяктуу эле, Россия Федерациясына эмгек иштери менен баргам.

2012–2016-жылдары Ош мамлекеттик юридикалык институтунда жогорку билим алдым.

Институтту аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын 2024-аскердик бөлүгүндө аскердик милдетимди аткардым.

Эмгек ишмердүүлүгүмдү 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын стенографисти болуп баштагам.

2019–2022-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын көзөмөл жана уюштуруучулук-инспектордук иш бөлүмүнүн адиси.
2022–2023-жылдары ошол эле бөлүмдүн башкы адиси болуп эмгектендим.

2023-жылы ротация тартибинде Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына которулуп, 2024-жыл аягына чейин социалдык камсыздоо, саламаттыкты сактоо жана билим берүү бөлүмүн жетектедим.

2024–2025-жылдары Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгында башкы адис кызматын аркаладым.

2025-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп көрсөтүлгөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин Объектилерди башкаруу дирекциясы мамлекеттик ишканасынын "Тураталы базары" филиалынын башчысынын орун басары болуп иштедим.

Спорт менен алектенем, декоративдүү дарактарды өстүрөм, футбол ойнойм. Үй-бүлөлүүмүн, үч баланын атасымын.