КР ЖКне №4 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Илязбаев Нурбек Илязбаевичтин шайлоо алдындагы программасы.
Менин иш-аракетимдин планы биздин мамлекеттин мындан ары да гүлдөп-өнүгүшүнө, ар бир кыргызстандыктын жашоосун жакшыртууга багытталган. Депутаттыкка талапкер катары мен сиздердин алдыӊарда ак ниет жана коомубуздун муктаждыктарын терең түшүнгөн адам катары турам.
- Аймактын экономикалык өнүгүүсү
Негизги багыттардын бири катары чакан жана орто бизнести колдоого өзгөчө көңүл бурулат. Анткени ал биздин экономиканын пайдубалы болуп саналат. Жаӊы ишкердикти баштаган жарандар үчүн салыктык жүктү азайтуу, жеңилдетилген насыя берүү программаларын киргизүү менен бирге, салык жана бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн көзөмөлдөөнү күчөтүү сунушталат.
- Айыл чарбасын колдоо
Айыл чарбасын өнүктүрүү – негизги милдеттердин бири. Сүт, эт, айыл чарба азыктарын (алма, картошка, алча, сабиз ж.б.) өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча чарбаларды уюштуруу зарыл. Бул айыл тургундары үчүн туруктуу киреше булагы болуп, региондун экономикасын чыӊдайт.
- Социалдык коргоо жана саламаттык сактоо
Мамлекеттин башкы артыкчылыгы – элдин саламаттыгы. Саламаттык сактоо тармагына каржылоону көбөйтүп, ооруканаларды жана поликлиникаларды куруу, реконструкциялоо, ошондой эле оорулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик программаларды натыйжалуу ишке ашыруу керек.
- Билим берүү жана маданият
Сапаттуу билим – ийгиликтүү келечектин ачкычы. Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча реалдуу методикаларды иштеп чыгуу зарыл. Жаштарды бардык тармакта колдоо – мамлекеттин келечегин камсыз кылат. «Бешикте жаткан баланын бек болоорун ким билет» дегендей, ар бир жашка мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш.
- Инфраструктураны өнүктүрүү
Ыңгайлуу жана заманбап инфраструктура – аймактын өнүгүүсүнүн ачкычы. Жолдорду жакшыртуу, коммуналдык системаларды жаңылоо, транспорттук тармакты өнүктүрүү жана эл үчүн ыӊгайлуу заманбап кызматтарды киргизүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
Энергияга жана ишенимге таянып, мекен менен элге кызмат кылуу ниетинде шайлоого ачык жүрөк, таза ойлор менен бара жатам. Сиздердин колдооңуздар менен биздин региондун жана бүтүндөй өлкөнүн гүлдөп-өсүшүнө бардык күчүмдү жумшоого даярмын. Азыркы бийликтин алдында өлкөбүз тез темп менен өнүгүү жолуна түштү. Бул иштерге мен да, сиздер да, бүтүндөй эл кол кабыш кылууга тийишпиз.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер
Илязбаев Нурбек Илязбаевич