ИСИРАИЛОВ АЗАМАТ АЛМАЗБЕКОВИЧ
Мен, Исираилов Азамат Алмазбекович, 1988-жылдын 20-майында Ош шаарында туулгам. Улутум кыргыз, билимим жогорку, 2012-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы Юридикалык институтун аяктагам. Үй-бүлөм бар, 3 баланын атасымын.
2013-жылдын январь айында "Карасу-Дан-Азык" ачык акционердик коомунун юристи болуп эмгек жолумду баштагам. 2017-2019-жылдары Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын Уюштуруу маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жер пайдалануу бөлүмүнүн башкы адисинин милдетин аткаруучусу болуп эмгектенгем. 2020-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын Укуктук кадр жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн Кадрлар секторунун башкы адисинин кызматын ээлегем. 2021-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайлангам. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү катары мамлекеттин маанилүү маселелерин көтөрүп, сапаттуу ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу жаатында алгылыктуу иштерди аткарып, аталган комитеттин чечимдеринин авторлошу катары иш алып бардым.
Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясын жетектеп, аталган комиссиянын алкагында №1481-VII 05.10.2024 Токтому кабыл алынып, көптөгөн жумуштар аткарылды.
Депутаттык ишмердүүлүгүмдүн алкагында “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун, «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)» өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун, «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун жана башка Мыйзам долбоорлордун демилгечилеринин бири болгом.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө, парламенттер аралык кызматташтыкты, парлмаментаризмди өнүктүрүүгө кошкон салымым үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ОДКБ) Ардак грамотасы, “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалы, “ИИМдин Кыргыз милициясына 100 жыл” медалы, “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 100 жыл” юбилейлик медалы, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине – 85 жыл” юбилейлик медалы жана башка сыйлыктар менен сыйлангам.