1.Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү.

Зордук-зомбулук менен өлкөдө, айрыкча жашы жете элек балдарга жана аялдарга карата түзүлгөн кырдаалга өзгөчө көңүл буруу зарыл:

а) үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү үчүн өзүнчө мыйзам кабыл алуу:

- үй-бүлөлүк зомбулук түшүнүгүн так аныктоо жана мындай аракеттерди жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти белгилөө;

- зомбулуктун курмандыктарын коргоо механизмдерин күчөтүү, анын ичинде убактылуу баш калкалоо, психологиялык жардам жана юридикалык колдоо;

- зордук-зомбулуктун алдын алууга багытталган программалар, анын ичинде билим берүү кампаниялары жана потенциалдуу агрессорлор менен иштөө.

б) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Жазык кодексине жана Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү. Үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жаза каралган атайын беренелерди белгилөө, үй-бүлө мүчөлөрүнө каршы кылмыш иштерин козгоонун жана кылмыштарды тергөөнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;

в) үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу бул көрүнүшкө болгон мамилени өзгөртүүдө жана анын жайылышын азайтууда чоң роль ойнойт.

2.Айыл чарбаны өнүктүрүү.

Кыргыз Республикасында айыл чарба-экономикалык өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири, фермерлерди жана аграрийлерди колдоо өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшү жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналат:

а) фермерлерге жана аграрийлерге төмөн пайыздык ставкаларды, узак төлөө мөөнөттөрүн жана күрөөгө минималдуу талаптарды камтыган жеңилдетилген кредиттерди берүү;

б)белгилүү бир эскирүү мөөнөтү өткөндөн кийин кредиттик тарыхы начар (кредиттик бузуулары бар) жарандарды мыйзам чегинде реабилитациялоо;

в)майда өндүрүүчүлөрдүн аракеттерин бириктирип, алардын рыноктогу абалын жакшыртуучу Айыл чарба кооперативдерин түзүү. Атайын мобилдик тиркемелер өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосунда түз байланышты камсыз кылуу менен айыл чарба продукциясын сатуу үчүн платформа түзүү;

г)Араван районунда ирригациялык системаларды жакшыртууга көмөктөшүү;

д)айыл чарба чөйрөсүндө жогорку окуу жайларында адистерди даярдоо тармактын заманбап талаптарына, анын ичинде башкаруунун жаңы технологиялары жана ыкмалары жөнүндө билимге басым жасоо.

3.Сапаттуу билим.

Билим берүү улуттун дүйнөлүк деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аныктоочу негизги фактор болуп саналат.

а) заманбап жабдуулар балдарды окутууда маанилүү ролду ойнойт, мектептерге заманбап лабораториялар, компьютерлер, интерактивдүү доскалар жана окуучуларга материалды жакшы өздөштүрүүгө жана келечектеги кесиптик иш-аракеттерине даярданууга жардам берүүчү башка техникалык жабдууларды сатып алууга билим берүү мекемелеринин каржылоосун көбөйтүү;

б) мектептерде жана жогорку окуу жайларында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн окуу дисциплиналарын эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайык келтирүү үчүн кайра карап чыгуу. Окуу дисциплиналары эл аралык эмгек рыногунда ийгиликтүү атаандашууга даяр билимдүү жана квалификациялуу адистердин муунун түзүү үчүн критикалык ой жүгүртүүнү, чыгармачылыкты жана практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багыттоо.

6.Күчтүү медицина-дени сак калк.

Республикадагы саламаттык сактоо системасы медициналык кызматтын сапатын жакшыртууга жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган комплекстүү реформаларды талап кылат.

а) иштеп жаткан медициналык мекемелерди модернизациялоо жана жаңы объекттерди куруу. Модернизациялоонун негизги багыттары:

- жаңы медициналык жабдуулар менен жабдылган заманбап ооруканаларды жана бейтапканаларды куруу;

- эски имараттарды оңдоо жана иштеп жаткан медициналык мекемелердин инфраструктурасын модернизациялоо;

- бейтаптарды диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап медициналык жабдууларды жана техникаларды сатып алуу.

б)жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана медициналык дары-дармек менен камсыз кылуу саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн маанилүү аспектилери болуп саналат:

- жаш медициналык адистерге шарттарды түзүү;

- дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн аларды борборлоштуруп сатып алууну уюштуруу;

- персоналдын квалификациясынын деңгээлин жогорулатуу үчүн медициналык кызматкерлерди даярдоо жана кайра даярдоо системасын өнүктүрүү.

 

  1. Жол инфраструктурасын жана шаарды көрктөндүрүүнү өнүктүрүү.

Калктын жашоо сапатын жогорулатуу жана ыңгайлуу шаар чөйрөсүн камсыз кылуу боюнча иштерди улантуу керек:

а) жолдорду капиталдык оңдоо;

б) тротуарларды куруу;

в) көчөлөрдү жарыктандыруу;

г) светофорлорду орнотуу;

д)аймактарды жашылдандыруу, коомдук жайларды көрктөндүрүү, веложолдорду жана унаа токтотуучу жайларды уюштурууну камтыган кошумча  чаралар.