МУРЗАЖИГИТ КЫЗЫ ЗАРЕМА

Мен, Мурзажигит кызы Зарема, 1991-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасынын Ош облусуна караштуу, Алай районун Гүлчө айылында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Бала чагым жана орто билим алуу жылдарым Ош шаарында өткөн. 2014-жылы Бишкек гуманитардык университетин «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча аяктадым. 2018-жылы Кытай Эл Республикасынын Ланьчжоу университетинде «Эл аралык укук» адистиги боюнча юридикалык илимдердин магистри даражасын алдым. 2021-жылы диссертациямды ийгиликтүү коргоп, юридикалык илимдердин доктору (Ph.D.) даражасына ээ болдум. Эмгек жолумду 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу министрлигинде коомдук жардамчы катары баштагам. Ал жерде миграция саясаты, кесиптик билим берүү жана эл аралык уюмдар менен кызматташуу багытында иш алып бардым. 2012–2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты болуп иштеп, мыйзам долбоорлорун даярдоо жана укуктук экспертиза жүргүзүү иштерине катыштым. 2019–2024-жылдары Ош шаардык мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башкы адиси болуп эмгектендим. Бул кызматта эл аралык жана регионалдык өнөктөштөр менен өз ара кызматташтыкты камсыз кылдым. 2021–2022-жылдары «Жаңы аял-лидерлер» (NDI) программасынын коомдук консультанты катары социалдык өнүгүү жана жарандык коом тармагында аналитикалык жана эксперттик ишмердүүлүк жүргүздүм. Ошондой эле илимий жана окутуучулук ишмердүүлүк менен да алектенип келем. Ланьчжоу шаарындагы чет тилдер жана тарых мектебинде окутуучу, ошондой эле чет элдик жарандар үчүн юридикалык клиникада юрист болуп иштегем. Эл аралык жана кытай укугу, миграция саясаты жана этностор аралык укуктук мамилелер багытында илимий изилдөөлөр жүргүзүп, эл аралык конференцияларга катышкам. 2019-жылы турмушка чыгып, учурда жолдошум экөөбүз эки баланы тарбиялап жатабыз. Кыргыз, орус жана кытай тилдерин эркин билем, англис тилин орто деңгээлде өздөштүргөм. Кесиптик максатым — укук илимин өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүүгө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоого салым кошуу.

Мурзажигит кызы Зарема

Ош шаары

2025-жыл