1. Билим — келечектин ачкычы.
    Калкынын саны аз, бирок билимге басым жасап, өнүгүүгө жетишкен өлкөлөр дүйнөдө миңдеп саналат. Кыргыз мамлекети ар бир уул кыздарына сапаттуу билим берүүнү мамлекеттин негизги багыты кылып алышыбыз керек. Ар бир таланттуу жана зирек уул кыздарыбызды чет өлкөдөн билим алып, кайра мекенине кайтып келип, Кыргызстандын келечегине өз салымын кошуусуна шарт түзөбүз. Эл аралык олимпиадаларда, сынактарда өлкөбүздүн намысын коргогон окуучуларды мамлекет колдоого алат.

  2. Дени сак эл — мамлекеттин эң чоң байлыгы.
    Ар бир жаран өз өлкөсүндө эгерде муктаждык болуп калса, дарыланып, башка мамлекетке барууга аргасыз болбошу керек. Биздин максат — заманбап жабдылган оорукана, билимдүү дарыгер жана жеткиликтүү медициналык кызмат. Наристелердин, аялдардын жана улгайгандардын ден соолугу — мамлекеттин эң башкы камкордугуна айлануусу абзел.

    3. Эне менен баланын укугу — коомдун жүзү.
    Өркүндөгөн коом эне менен баланын коопсуз жашоосун камсыздайт. Аларды укуктук жактан окутуп, ар бир үй-бүлөдө тынчтык жана ишеним болуусуна шарт түзүү — биздин парз.

    Айыл чарба — элдин колундагы каражаты, жашоосу.
    Дыйкандар — элдин азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган каармандар. Кыргыз ишкерлери өндүргөн продукцияны чет мамлекеттерге экспорттоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачып, ички рынокто “Made in Kyrgyzstan” брендин жогорку деңгээлге чыгаруу — биздин максат. Дыйкандын эмгеги бааланган өлкө, бай мамлекет, атагы чыккан бийик да болот.

    5. Инфраструктура жана жашоо сапаты.
    Айыл менен шаар багытында тең катар каражат жана көңүл бөлүнүп, өнүгүшү керек. Жол, суу, жарык, интернет — бул заманбап жашоонун негизи. Жаштарга иш орундарын түзүп, өлкөнүн ар бир бурчун өнүгүүгө багыттоо — келечек муун үчүн аба менен суудай керекттүү. Жаштар заманбап жашоону каалайт. Аны түзүп берүү өкмөттүн түздөн-түз милдети