АРЗИБАЕВ БЕКБОЛОТ ОСКОНБАЕВИЧ

 

ӨМҮР БАЯН

Мен, Арзибаев Бекболот Осконбаевич  1985-жылы 21-январда Ош шаарынын Жапалак айыл башкармалыгында туулганмын.  Үй-бүлөлүү, эки кыз, эки уулдун атасымын.

 1992-жылы Ош шаарындагы №30 А.Алиев орто мектебине 1-класска барып,  орто мектепти 2003-жылы ийгиликтүү  бүтүрдүм. Ар бир мугалимдин акыл-насааты, мектептеги ар бир күн — келечекке болгон ишенимимди бекемдеген жылдар болду. Ал эми жогорку окуу жайга, 2007-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых-юридика факультетине тапшырып, окууну 2013-жылы аяктап, “бажы иши” адистигине ээ болгонмун. Бул мезгил менин билимге, мыйзамга жана коомдук кызматка болгон кызыгуумду арттырды. Ошол эле жылы билим жолумду улап, Бишкек шаарында жайгашкан Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин кесипке чейинки, кесиптик билим берүү жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо факультетине тапшырып, 2016-жылы каржы жана насыя адистигине ээ болуп, экономист квалификациясы берилген.

        2008–2013-жылдары жеке ишкерлик менен алектенип, эмгектин даамын жана жоопкерчиликтин чыныгы маанисин сезгем.

 Ал эми 2016–2021-жылдары Ош шаардык Кеңешинин депутаты болуп иштедим. Элдин ишенимин актоо — мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик болду.

Кайра эле, Элдин колдоосу менен 2021-2024 жылдары Ош шаардык Кеңешинин депутаты болуп шайланып, шаар тургундарынын муктаждыктарын чечүү, коомдун өнүгүүсүнө салым кошуу жолунда иш алып баруумду улантып келе жатам.

2016 – жылдан ушул убакытка чейин  Ош шаардык кеңешинин 3 (үч) созыв депутаты болуп эмгектенип келүүдөмүн.