Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, Бекболот Арзибаевдин

      ПРОГРАММАСЫ:

  1. Билим берүү - өнүккөн коомдун башаты.

 Кыргызстанда билим берүүгө олуттуу көңүл буруу. Мектеп, бала бакчаларды ар бир бала үчүн жеткиликтүү кылуу, алардын сапатын жакшыртуу. Билим берүү системасын түп тамырынан өзгөртүү жана  окуучуларга заманбап билим берүү мезгил талабы. Мугалимдердин айлык маянасын жогорулатуу жана арзан пайыздагы ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу.

  1. Айыл чарбасын мамлекеттин негизги өнүгүү багытына айлантуу.

Ош шаары жана ага жакын турган аймактардын, жаңы конуштардын таза суу,  суу түтүк, сугат каналдарынын маселесин чечүү; Айыл жеринде жергиликтүү базарларды жана логистикалык борборлорду өнүктүрүү. Дыйкандар жер иштетип, жетиштүү киреше таба албай жатат. Ошондуктан, мамлекет тарабынан дыйкандарга жеңилдетилген насыя жана  техникалык колдоо көрсөтүү зарыл. Өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоону уюштурууну колго алуу.

  1. Өлкөдө гидроэлектр станция (ГЭС) куруу, электр энергиясын

экспорттоо негизги приоритет.

Бул максатта Кыргызстандагы суу сактагычтардан, күн нурунан электр энергиясын өндүрүү эң маанилүү жумуш.

  1. Чоң шаарлардагы жол тыгындарын чечүү үчүн айланма жол салуу;

Транспорт көйгөйлөрүн чечүү, таза абаны сактоо үчүн электро автобустарды алып келүү.

  1. Ош шаарында жер тилкесине кезекке турган тургундардын саны

20 000 (жыйырма миңден) ашат. Биз муну тез арада чечүү талабын коёбуз.

  1. Коррупция өлкөнүн душманы. Ага каршы күрөш аёсуз болуш керек

Коррупция бар өлкөлөр келечеги бүдөмүк болгон, айрымдары кыйраган. Биздин өлкөдө да коррупция эң жогорку деңгээлде.Ошондуктан күчтүү мыйзамдар кабыл алынып, ишке ашуусу керек. Биз канчалык үмүт артканыбыз менен тилекке каршы буга чейинки парламентарийлер өз кызыкчылыгын гана көздөп жеке капчыгын ойлогон мыйзамдарды жазып келишти. Андан сырткары тендерлерди өткөрүүнү туура жолго салуу зарыл.

Тендер мыйзамдары мамлекеттин каражатын уурдай албай турган максатта киргизилген. Бирок бул тармак азыр абдан чиеленишкен коррупцияга айланды. Тендер өткөрүү мыйзамын өзгөртүп, уурулук жасалбай турган болуш керек. Буга бир гана бийликтен көз каранды эмес күчтүү эл өкүлдөрү келип, эффективдүү иштеген мыйзамдарды чыгарышы керек. Ошол себептүү шайлоочулар азыр парламентте отурган, элдин кыжырын келтирген депутаттар эмес, жаңы муунду тандап алышы керек.

 

Мамлекетибиз жалгыз, аны көздүн карегиндей сакташыбыз керек! Туруктуулук - ийгиликке жеткирет!