ЭРГЕШОВ БЕКМУРЗА АСКАРБАЕВИЧ

1974-жылдын 27-апрелинде Ош облусунун Алай районунун Сопу-Коргов айылында төрөлгөн. 1981-жылы Алай районунун Талды-Суу айылындагы орто мектепке кирип, 1991-жылы бүтүргөн. 1992–1993-жылдары Совет армиясынын катарында аскердик кызмат өтөгөн. Улуту — кыргыз.

Жогорку билимдү.

Эмгек жолу: 1996–2000-жж. «Фармация» ААКнын башкы машыктыруучусу болуп иштеген. 2000–2003-жж. Ош облусунун каратэ федерациясынын башкы машыктыруучусу. 2003–2006-жж. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда окутуучу. 2005–2010-жж. ДЮКФП-2де машыктыруучу. 2008–2009-жж. Ош шаарынын каратэ федерациясынын президенти. 2010–2012-жж. Ош шаардык ФКиС ГКФП-2нин директору. 2012–2020-жж. Ош облустук СМЭУнун начальниги.

2012–2016 жана 2021-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, бюджеттик комитетти жетектеген.

2020-жылдын 17-декабрынан бери Ош шаардык «Жылуулук менен камсыздоо» муниципалдык ишканасынын директору болуп иштеп келет.

Сыйлыктары жана наамдары:

2008-ж. Кыргыз Республикасынын Дене тарбиясынын отличниги;

Кыргыз Республикасынын спорт чебери (каратэ);

ФКиС мамлекеттик агенттигинин, Ош мэриясынын, Жогорку Кеңештин жана Ош облусунун администрациясынын ардак грамоталары;

2015-ж. «Кыргыз Туусу» гезитинин «Жылдын мыкты жетекчиси» диплому;

2023-ж. Алай районунун «Ардактуу жараны» наамы.

Кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Үйлүү-бүлөлүү, үч уул, эки кыздын атасы.