Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:

  • Заманбап мамлекеттин өнүгүшүн камсыздоого жана ар бир жарандын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин сактоого багытталган мыйзамдарды иштеп чыгууга көмөктөшүү;
  • Демократия үчүн. Элдин үнүн Жогорку Кеңештин трибунасы аркылуу бийликке жеткирүү;
  • Кесипкөй армия үчүн. Кыргыз армиясын чыңдоого көмөктөшүү;
  • Активдүү өнөр жай саясаты үчүн. Жаңы ишканаларга жеңилдиктерди кароо, экспортту өнүктүрүүгө жана эл аралык байланыштарды бекемдөөгө көмөк көрсөтүү;
  • Заманбап транспорттук инфраструктура үчүн. Эстакадалар менен жол айрылыштарын курууга, заманбап автовокзалдарды уюштурууга көмөктөшүү;
  • Чакан жана орто ишканаларды реалдуу колдоо үчүн. Ишкерлердин насыяларга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган укуктук-ченемдик актыларды кабыл алууга көмөктөшүү;
  • Эмгек укуктарынын кепилдиги үчүн;
  • Билим берүү жана спорттун өнүгүшү үчүн;
  • Саламаттыкты сактоонун жеткиликтүүлүгү жана сапаты үчүн. Ден соолукту сактоо тармагынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого көмөктөшүү;
  • Маданияттын өнүгүшү үчүн – жарандардын арасында маданияттын түпкү мааниси жана ролу тууралуу түшүнүктү жогорулатууга көмөктөшүү;
  • Айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо үчүн – айлана-чөйрөнү коргоо программаларын ишке ашырууга көмөктөшүү.