АМАНОВА САНТАЛАТ АБДЫЛДАЕВНА
Өмүр баян
Мен, Аманова Санталат Абдылдаевна 1975-жылдын 19-июнунда Алай районунун
Сопу-Коргон айылында туулганмын, улутум кыргыз, билимим жогорку.
Билимим ( адистигим): 1992- жылы Алай районундагы Токтогул атындагы орто мектепти медаль менен аяктаганмын
1997- жылы ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетин артыкчылык диплому менен аяктаганмын
Билимим- жогорку, адиситигим- кыргыз эмес мектептерде кыргыз тили жана адабиятын окутуу мугалими
Кошумча билимим: СОРОС фондусунун “ Сынчыл ойломду өстүрүүдөгү окуу жана жазуу” Программасынын бир жылдык семинарын жана 2 жылдык тренингин окуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин КМ боюнча мугалим жана машыктыруучу сертификатына ээ болгонмун.
Компьютердик билимим: Курстарда окуганмын, сертификатым бар.
Кайсы тилдерди билем: кыргыз - эне тили, орус тилдеринде эркин (котормочу, редактор көп жылдык тажрыйба менен), англис тили, түрк тилинде (сүйлөйм, окуйм).
Өзгөчө сапаттарым: Улуттук буюмдардын түрүн жасайм (дизайнер), стол үстүндөгү теннис (2- ракетка Ош ш.), “Айкидо” спорту менен машыгам, балдарынын ар тараптуу өсүшүнө өзгөчө көңүл бурам
Үй-бүлөөм: Үй-бүлөлүүмүн, 2 уул, 2 кыздын энеси. Жолдошум мамлекеттик кызматта иштейт.
Жалпы эмгек стажым: 24 жыл
- 1999-2001- жылдары «Мамлекеттик тилдин практикалык курсу» кафедрасынын окутуучусу
- 2001-2005-жылдары «Мамлекеттик тил жана кеп маданияты» кафедрасынын окутуучусу
- 2006-жылы «Кыргыз адабияты» кафедрасынын улук окутуучусу
- 2006-жылы ОшМУнун «Мамлекеттик тил борборунун директору
- 2008-2010-жылдары ОшМунун Кыргыз филологиясы факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары
- 2010-2012- жж. ОшМУнун маданий-эстетикалык борборунун директору
- 2012-2014- жылдары № 52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы таланттуу балдар мектебинин директору
- 2014- 2015- жж. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү Агенттигинин директорунун орун басары
- 2015-2021-жж. Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы
- 2021-жылдын март айынан 2022-жылдын сентябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары
- 2022- жылдын октябрь айынан ЖКнын депутатынын консультанты, КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында түзүлгөн аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин координатору
- 2023-жылдын август айынан 2024-жылдын ноябрына чейин Ош шаарынын мэринин кеңешчиси
- 2024- жылдын ноябрь айынан Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы
- 2025- жылдын апрель айынан октябрь айына чейин Ош шаарынын мэринин орун басары
Кыргызстандагы педогогикалык билим берүү боюнча кошумча билимим жана көндүмдөрүм:
- 2000-жылы «ACCELS» эл аралык программасы уюштурган конкурстун катышуучусу.
- 2001-жылы “PROJERT WRINING SKILLS” программасы уюштурган “ЖОЖдордогу билим берүүнүн “ сапатын көтөрүү семинарынын катышуучусу.
- 2007-жылы ОшМУнун окутуучуларынан түзүлгөн 2 группага тренер катары “Сынчыл ойломду өстүрүү жана жазуу Программасы боюнча” 1 жылдык семинар өткөргөнмүн.
- 2008-жылы кыргыз адабияты кафедрасынын улук окутуучусу, Ош шаардык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда “Кыргыз тилин жана адабиятын окутуу”, “Окутуунун жаңы технологиялары” боюнча 10 жылга жакын үзгүлтүксүз сабак өткөнмүн.
- 2009-жылы Өзгөн, Ноокат райондорунда мугалимдердин билимин өркүндөтүү боюнча 30 сааттык курс уюштурганмын.
- 2009-2011-жылдары OBSCEнин алдындагы “Көп маданият жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүү борборунда” кыргыз тили боюнча консультант болуп иштегенмин.
- 2010-жылы СОРОСтун “Сынчыл ойломду өстүрүү жана жазуу” Программасы боюнча республикалык деңгээлдеги тренер деген сертификат алдым.
- 2010-жылы OBSCEнин алдындагы Көп маданият жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүү борборунда “Абалды турукташтыруу боюнча Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы мектеп мугалимдеринин семинарын” июль-август айларында өткөн. Сертификат берилген.
- 2011-жылдын март айында педогогикалык ишмердүүлүк боюнча “Ош окуясы: мурунку учурдагы абалы. Жыйынтыктар” аттуу республикалык конгресске катышып, доклад окуганмын.
- 2011-жылдын август айында бир жумалык “Кыргызстан мугалими: окутуунун жаңы стандарттары” аттуу республикалык конференцияда мастер-класс өтүп, сертификат алганмын.
- 2015-жылы март айында Бишкек шаарында өткөн КРнын Тышкы иштер министрлиги уюштурган “Жогорку дипломатиялык курстан” өткөнмүн.
- 2015-жылы май айында КНРде өткөн 20 күндүк “ШКУ мамлекеттеринин жетекчилери үчүн уюштурулган семинардын катышуучусу” деген сертификатка ээ болгонмун.
- Ош шаарынын мэриясында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды билим берүүгө тартуу максатында “Инклюзивдик билим берүү балдарга” аттуу Альянс түзүп, 3 жыл ведомство аралык биргелешкен топтун ишин жетектеген жана 2016- жылы Тажикстан Республикасынын Худжент шаарына, 2018- жылы Белоруссия Республикасынын Минск шаарында өткөн эл аралык “ Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдаштырууга багытталган “Эрте кийлигишүү боюнча” жумалык семинарга катышып, сертификат алган жана Ош шаарында “ Эрте кийлигишүү” долбоорун ишке ашырганмын.
- Ош шаарындагы ЮНИСЕФ менен биргеликте ишке ашырылган “Көп тилдүү билим берүү” долбоорун 3 жыл жетектегенмин.
- “Адам сатууга каршы жана адам сатуунун алдын алуу” иштери боюнча Ош шаарындагы иш-аракетти координацияладым.
- «Гендердик саясаттын» аткарылышын координациядым.
- Ош шаары боюнча этнос аралык мамилелерди жөнгө салуу жана дин иштерин координациялаган. 2018- жылы эл аралык “ Шаарлардын мыкты демилгелери” кароо- сынагына “ Ош шаарында Ош окуясындагы этнос аралык карым- катышты жөнгө салуу боюнча натыйжалар” темасында доклад менен катышып, 150 шаардын ичинен 1- орунга ээ болгонмун.
Жетишкен ийгиликтерим:
- ОшМУда иштеп жүргөн мезгилде 2006-жылы Кыргызстанда биринчи болуп ОшМУнун базасында «Мамлекеттик тил борборун” түзгөн. Кыска жана узак мөөнөттүү кыргыз тилин үйрөтүү курстары уюштурулуп, окуу прораммалары иштелип чыккан. Түштүк аймагы боюнча мамлекеттик мекемелердин иш кагаздары которулуп, мамлекеттик кызматкерлерге семинарлар уюштурулуп, өткөрүлгөн.
- 2008-2010-жылдары ОшМУнун Кыргыз филологиясы факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары болуп иштеген мезгилде билим сапатын көтөрүү үчүн “Кыргыз тили кошумча англис тили”, “Кыргыз тили кошумча кытай тили”, “ Кыргыз тили кошумча информатика” адистиктери ачылып, “Студенттердин илимий ийрими”, “ Автордук семинарлар” уюштурулган. Ар тараптуу өсүүгө багыттоочу “Талант ордосу” драма ийрими, студенттик “Калемгер” гезити, “ Арууке” бийчилер тобу түзүлүп, мыкты натыйжа берген.Учурда бул ийримдердин катышуучулары өлкөбүздүн мамлекеттик башкаруу жана билим берүү тармагында мыкты уюштуруучу, жетекчи кызматтарда иштешип, жемишин берип жатышат.
- 2012-2014- жылдары № 52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы таланттуу балдар мектебинин директору болуп иштеген мезгилде Кыргызстанда биринчи жолу балдардын билиминин сапатын көтөрүү максатында ар бир предметтен Окуу- методикалык комплекс түзү. Ал үчүн мугалимдер толугу менен Соростун 1 жылдык “Сынчыл ойломду өстүрүүдөгү окуу жана жазуу” программасынын семинарынан өтүшкөн. Ошондой эле балдардын билимин баалоочу мониторингдин системасы иштелип чыккан. Ар бир сабактагы окутуу, баалоо окутуунун жаңы технологияларынын үлгүсүндө ишке ашкан. Учурда да бул мектеп ЖРТнын жыйынтыгы менен 80, 90 % көрсөткүчтү берип, Республиканын эң мыкты мектептеринин бири болуп келет. Ал эми “ Мыкты мугалим” кароо- сынагында 3 жолу Республикада 1-орунду алышкан.
4) - «Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр» оюнунда Ош шаарынын мэриясынын чыгармачыл тобуна жалпы режиссерлук милдетти аткаруу менен 3 жолу ( 2016-2018-2019-жж.) Республикада 1-орунду камсыз кылган.
- 2019- жылы ТЮРКСОЙдун эл аралык «Ош- түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эстафетасынын алкагында 30га жакын эл аралык иш-чаралардын уюштурулуп, өтүшүн жетектеген. Жыйынтыгында 8 түрк тилдүү мамлекеттеринин добушу менен Ош шаары эң мыкты даярдыкты көрсөткөндүгү үчүн “ Ош- түрк дүйнөсүнүн туруктуу деңгээлдеги маданий борбору” статусуна ээ болгон. Мындай статус ТЮРКСОЙдун тарыхында биринчи жолу Кыргызстанга ыйгарылган.
- 2020- жылы Пандемия мезгилинде Ош шаарындагы Өзгөчө кырдаал, Өзгөчө абал процессинин документтештирүүсүнөн сырткары жалпы уюштуруучулук ишти жетектеп, эң аз өлүм менен кырдаалдан чыгууга салым кошкон. Жалпы 34 изоляция, обсервация уюштурулуп, аба каттамы менен 17000 адам, жол каттамы менен 23000 адамдын чет элден жана башка облустардан келүүсүн көзөмөлдөп, жайгаштыруу, профилактика, дарылоо, реабилитациялоо иштерин уюштурганмын.
5) КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде иштеген мезгилинде КРнын Министрлер Кабинетинин 10 Токтом, 8 Буйругун иштеп чыкканмын.
- Кыргызстан боюнча маданият тармагынын бардык мекемелеринин Уставын жана паспортун жаңылоону ишке ашырганмын.
- Маданият тармагын санариптештирүүгө өткөрүү боюнча ишти алып баргам.
- Маданият боюнча 16 мыйзамдын инвентаризациядан өтүүсүн көзөмөлдөгөнмүн.
- КРнын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик 45 иш-чара, юбилейлик 55 иш-чара өткөргөнмүн.
- КРнын Президентинин 5 Жарлыгынын концепциясын жана иш- планын иштеп чыгуучу топту жетектеген. Мисалы, “Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дени сак жашоосу”, “ Кыргыз жараны”, “ Манас, Семетей, Сейтек үч илтигин изилдөө жана популярдаштыруу”, Манас театрын түзүү, “ Кыргыздын маданий, тарыхый мурастарын изилдөө жана жайылтуу”.
6) 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде иштеген мезгилде КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында түзүлгөн аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин координатору катары аталган Кеңештин ишин жүргүзгөн жана бир топ мыйзамдардын иштелип чыгуусуна салым кошконмун.
7) Ош шаарынын мэринин кеңешчиси кызматында иштегенде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашырууда Ош шаарындагы АТРдин ишке ашуусуна салым кошконмун.
8) Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы кызмат ордунда иштеп жатып, Шаардагы бардык 70 мектеп, 68 бакча, 100 жеке менчик мекемелеринин маалыматын, кадрдык иштерин АИС, электрондук журнал, электрондук күндөлүк маалымат форматына киргизип, коррупция иштеринин алдын алууга шарт түзгөнмүн.
Сыйлыктарым:
1) 2005-жылы “Мамлекеттик тилди” өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ош областтык администрациясынын мамлекеттик тил фондусунун Ардак грамотасы;
2) 2006-жылы республикалык деңгээлде Мамлекеттик тил борборлорунун арасында өткөрүлгөн кароо-сынакта 1-орунду жеңип алгандыгы үчүн КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик тил коммисиясынын Ардак грамотасы;
3) 2008-жылы Ч. Айтматовдун 80 жылдыгына карата областтык деңгээлде өткөрүлгөн кароо-сынакта 1-орунду алгандыгы үчүн Ош областтык администрациясынын Ардак грамотасы;
4) 2012-жылы “Манас баяны – ыйык көркөм сөз өнөрү” аттуу кароо-сынакта эң мыкты сахналык көрүнүштү даярдагандыгы үчүн 1-орун жана Ош областтык администрациясынын Ардак грамотасы;
5) 2014-жылы Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаардык комитетинин Ардак грамотасы;
6) 2014-жылы Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы;
7) 2014-жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында кыргыз тили, адабияты предмети боюнча окуучусу 1- орунду алгандыгы үчүн Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы;
8) 2022- жылы казак, кыргыз элдеринин маданий алакаларынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Казахстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ыраазычылык барагы;
9) 2022- жылы казак, кыргыз элдеринин маданий алакаларынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Казахстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин юбилейлик төш белгиси.
10) 2024- жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак Грамотасынын ээси