КЫРГЗЫ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНЕ ТАЛАПКЕР С.А.АМАНОВАНЫН ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММАСЫ
I. Экономикалык өнүгүү жана жумуш орундарын түзүү
- Аймактарда жана шаарларда жергиликтүү ишкерлерди, чакан жана орто бизнести колдоо, алардын ишмердүүлүгү үчүн салыктык жана административдик жеңилдиктерди киргизүү.
- Өндүрүштүк ишканаларды ачуу, ишкерлерди инвестициялык жана экспорттук мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылуу.
- Импорттун ордуна ата-мекендик өндүрүштү жандандыруу, ички рынокко сапаттуу продукция сунуштоо.
- Экологиялык таза айыл чарба жана азык-түлүк продукцияларын өндүрүү жана экспортко чыгаруу аркылуу улуттук “Made in Kyrgyzstan – таза продукт” брендин түзүү.
- Айыл чарбада кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, фермерлерге техника, үрөн жана логистикалык колдоо көрсөтүү.
- Жаштарга жана аялдарга чакан бизнес баштоо үчүн жеңилдетилген кредиттик жана гранттык программаларды ишке киргизүү.
II. Социалдык саясат жана турак жай менен камсыздоо
- Ар бир жаран үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык тейлөөнү камсыз кылуу, аймактык оорукана жана үй-бүлөлүк дарыгерлер институттарын чыңдоо.
- Жаш кадрларды, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, мугалимдерди, дарыгерлерди жана жаш үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программа кабыл алуу.
- Аймактарга иштөө үчүн барган жаш адистерге төмөн пайыздык ипотека жана кызматтык үйлөрдү берүү механизмин ишке киргизүү.
- Социалдык колдоонун бардык түрлөрүндө ачык-айкындыкты жана электрондук эсеп системасын киргизүү.
- Улгайган жарандар үчүн социалдык борборлорду ачуу, аларга эс алуу жана коомго пайдалуу жеңил жумуш менен камсыз кылуу.
- Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн инфраструктура жана жумуш орундарын түзүүдө инклюзивдүү саясатты ишке ашыруу.
III. Билим берүү жана жаштар саясаты
- Билим берүү системасын реформалоо, мектептерди жана бала бакчаларды жаңылоо, материалдык базасын чыңдоо.
- Мугалимдердин эмгегин жогору баалоо, маянасын көтөрүү жана окутуу сапатын арттыруу.
- Жаштардын идеяларын жана стартаптарын колдогон мамлекеттик фонд түзүү, билим берүү долбоорлорун каржылоо.
- Ар бир жашка кесиптик билим алуу жана жумуш менен камсыз болуу шартын түзүү.
- Жогорку окуу жайларда сапатты жогорулатуу, академиялык адилеттик принциптерин орнотуу.
- Спорт жана чыгармачылык менен алектенген жаштар үчүн шарт түзүү, жаңы спорттук жана маданий борборлорду куруу.
IV. Инфраструктура жана экологиялык коопсуздук
- Таза суу, жарык, жол жана коомдук транспорт маселелерин системалуу чечүү.
- Ар бир аймакта жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү — жол, жарыктандыруу, коомдук жайлар жана транспорт жеткиликтүүлүгү.
- Таштандыларды кайра иштетүү системасын өнүктүрүү, жашыл аймактарды көбөйтүү жана абанын тазалыгын камсыз кылуу.
- Экологиялык маданиятты жана жоопкерчиликти жогорулатуу, “Таза шаар – таза коом” улуттук демилгесин ишке ашыруу.
- Энергетика жана коммуналдык системаларда энергия үнөмдөөчү жана экологиялык технологияларды колдонуу.
V. Коомдук коопсуздук жана адилеттик башкаруу
- Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукту азайтуу жана алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү.
- Сот жана укук коргоо органдарында адилеттик жана көз карандысыздык принциптерин бекемдөө.
- Санариптик башкаруу системасын кеңейтүү аркылуу бюрократияны кыскартуу жана элге ыңгайлуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү.
VI. Маданият, руханий өнүгүү жана улуттук биримдик
- Улуттук маданиятты, тилди жана салттарды сактоо жана өнүктүрүү.
- Кыргыз элинин жана өлкөдө жашаган бардык этностордун ортосундагы ынтымакты жана жарандык биримдикти бекемдөө.
- “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу – ар бир жаран өлкөнүн өнүгүшүнө жоопкерчилик менен катышкан активдүү коом түзүү.
- Маданий иш-чараларды жана чыгармачылык долбоорлорду колдоо, аймактык маданий борборлорду өнүктүрүү.
VII. Менин принциптерим жана максатым
Менин негизги максатым – иштеген мамлекет жана бактылуу эл. Ар бир кабыл алынган мыйзам — элдин кызыкчылыгында болот. Мен элдин үнүн угуу менен, эл үчүн иштейм, Кыргызстандын өнүгүшү жана биримдиги үчүн ишенимдүү кызмат кылам.