САТЫВАЛДЫЕВА ГУЛНУРА ГАНЫБАЕВНА

         АВТОБИОГРАФИЯ

         Мен, Сатывалдыева Гулнура Ганыбаевна, 1990-жылдын 1-августунда  Ош облусунун, Ош шаарында төрөлгөм.

Атам — Сатывалдыев Ганыбай, 1955-жылы Толойкон айылында төрөлгөн, жеке ишкердик менен алектенген. 2020-жылы каза болгон.
Апам — Аматова Гулнара, 1959-жылы төрөлгөн, орус тили боюнча мугалим болуп иштеген, учурда пенсияда.

1997-жылы Толойкон айылындагы мектептин 1-классына баргам. 2004-жылы Салиева атындагы лицейде окуумду уланткам.
2006-жылы Ош соода колледжине «Экономика жана бухгалтердик эсеп» адистиги боюнча тапшырып, артыкчылык диплому менен бүтүргөм.
2009-жылы Ош технологиялык университетинин «Экономика жана аудит» бөлүмүнө кабыл алынып, 2013-жылы ийгиликтүү аяктадым.

2010–2015-жылдары БУУнун Өнүктүрүү Программасында (ПРООН) иштедим. 2017-жылдан бери жеке сектордо эмгектенем. Учурда «Милдет» партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутатымын.
Эки балам бар:

  • кызым — Абдимиталипова Жибек Рамидовна, 2012-жылы туулган,
  • уулум — Абдимиталипов Эльдар Рамидович, 2013-жылы туулган.

Туруктуу жашаган дарегим: Ош шаары, Н. Исанов көчөсү, 75-үй, 53-батир.

Бул автобиография Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлүшүнө байланыштуу тапшырылууда.