Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине талапкер

Сатывалдыева Гулнура Ганыбаевнанын

ШАЙЛОО ПРОГРАММАСЫ

 

Менин максатым — элдин үнүн жеткирип, анын кызыкчылыктарын парламенттик деңгээлде коргоо.
Биздин өлкөнүн өнүгүүсү мыйзамдын сапатына жана элге кызмат кылган чечимдерге түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан, мен ар бир мыйзам сунушун элдин турмушуна оң таасир бере тургандай кылып иштеп чыгууга умтулам.

 

  1. ТАТЫКТУУ ЖАШОО 
  • Элдин саламаттыгын жана социалдык колдоону жакшыртуучу мыйзамдарды күчөтүү.
  • Аймактардагы кадр жетишпештигин алдын алуу жана кесипкөй адистерди колдоо боюнча атайын программа бекитүү .
  • Ар бир жаран үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык тейлөөнү камсыздоого багытталган мыйзамдарды кабыл алуу.
  • Карыларды, көп балалуу үй-бүлөлөрдү жана оор турмуштук абалдагы жарандарды социалдык жактан коргоону чыңдоо.

 

  1. ТАТЫКТУУ КИРЕШЕ
  • Аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүү жана чакан ишкердикти өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо боюнча мыйзамдык шарттарды түзүү.
  • Региондорго инвестиция тартуу жана жергиликтүү ишкерлерди колдоо боюнча чараларды кабыл алуу.
  • Мигранттардын мекенине кайтып келип, ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылган мыйзамдарды иштеп чыгуу.

 

  1. САПАТТУУ БИЛИМ 
  • Билим берүү тармагын мамлекеттик деңгээлде көбүрөөк каржылоо.
  • Чет элдик адистерди тартуу жана заманбап билим берүү стандарттарын киргизүүнү мыйзам менен колдоо.
  • Мугалимдерди шыктандырууга багытталган мамлекеттик программаларды киргизүү.

 

  1. ИЙГИЛИКТҮҮ ЖАШТАР 
  • Жаштардын билимине жана кесиптик өнүгүүсүнө инвестиция салуу. Мыйзам деңгээлинде жаштарга жаңы көндүмдөрдү үйрөтүүчү жана инновациялык билим берүү программаларын колдоо.
  • Жаш ишкерлерди колдоо үчүн укуктук жана каржылык шарттарды түзүү. Стартаптарга, демилгелүү жаштарга жеңилдетилген салыктык жана каржылык механизмдерди иштеп чыгуу.
  • Региондордо жаштар ишин өнүктүрүү үчүн инфраструктура түзүү. Бизнес-хабдар, акселераторлор жана колдоо борборлорун ачуу, жаштар долбоорлорун каржылоого квоталарды киргизүү.

 

  1. ДЕНИ САК АЙМАК
  • Балдар жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү.
  • Олимпиядалык спорт түрлөрүн жайылтуу жана жаш спортчуларды колдоо.
  • Ден соолукту чыңдоону мыйзамдык деңгээлде колдоо жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.