КУДАЙБЕРДИЕВ АЛТЫНБЕК МУСАЖАНОВИЧ
Фамилиясы: Кудайбердиев
Аты: Алтынбек
Атасынын аты: Мусажанович
Туулган датасы: 13-август 1975-жыл
Иштеген жери жана ээлеген кызматы: убактылуу иштебейт
Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны): Ош шаарынын Жапалак айылында төрөлгөн. Эки жогорку билими бар.
Эмгек жолун билим берүү тармагынан баштады, 1996-жылдан
2007 – жылга чейин Ош технологиялык университетинде окутуучу,
ага-окутуучу жана декандын орун басары болуп эмгектенген.
2007-жылдан тарта финансы-экономикалык чөйрөгө өттү. Ал тармакта жетектөөчү адистен баштап Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары кызматына чейин көтөрүлдү.
Мамлекеттик каржы системасын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн бир нече сыйлыктарга татыган. 2010-жылы «Финансы-экономикалык иштин отличниги» төш белгиси, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы, 2024-жылы өлкө башчынын колунан «Эмгек сиңирген экономист» наамын алган.
Лозунг: Таза ниет – Элге кызмат!