КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы:

Биринчи багыт: билим берүү сапатын жогорулатуу, мугалимдерге татыктуу айлык маянасын камсыздоо, билим берүү системасында атаандаштык пайда болушу үчүн тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен шарттарды түзүү.

Экинчи багыт: экономика тармагы — инвестициялык климатты жакшыртуу. Өндүрүштү, экспортту жана инновациялык секторлорду өнүктүрүү үчүн мыйзамдык базаны өркүндөтүү.

Үчүнчү багыт: кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, коргоо механизмдерин күчөтүү, ишкерлердин баштапкы капиталына жеткиликтүү жеңилдетилген грант, кредиттерди берүү.

Төртүнчү багыт: Ош шаарынын өнүгүүсү. Туризмди өнүктүрүү, башкаруу системасында децентрализациялоо; шаарды курчап турган конуштардын жашоо шарттарын жакшыртуу.