Талапкердин кыскача өмүр баяны
Мен, Жороева Элнура Сабиржановна, 1973-жылдын 7-декабрында Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Ленин айылында төрөлгөм. Ошол эле айылдагы орто мектепти бүтүргөм. Кыргыз Республикасынын жаранымын. Билимим жогорку.
1996-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз агрардык академиясын аяктадым. Окууну бүткөндөн кийин Ички иштер министрлигинин түзүмдөрүндө кызмат өтөөгө киргем.
2004-жылы Ош технологиялык университетинен “Юриспруденция” адистиги боюнча жогорку билим алып, кызматымды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматында уланткам. Ош шаарындагы 2024-аскер бөлүгүндө офицердик кызматтарды аткаргам. Аскердик наамым — майор. Азыркы учурда ардагермин.
2023-жылы Ош мамлекеттик университетинен “Социалдык-экономикалык билим берүү” багыты боюнча магистрдик даражага ээ болдум.
2019-жылдан бери орус тилинде сабак берген мугалимдердин жетишсиздигине байланыштуу “Олимп” мектебине тарых мугалими катары чакырылып, азыркы учурда №16 орто мектепте мугалим болуп эмгектенем. 2025 – 2026 окуу жылына чейин ошол эле мектепте социалдык педагог болуп иштегенмин.
Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйм. Үй-бүлөлүүмүн, үч бой жеткен балам бар. Соттуулугум жок.
Саясий партиялардын мүчөсү эмесмин. Өзүн-өзү көрсөтүп жаткан талапкермин.