Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:

  1. Мугалим – коомдун сыймыгы жана тиреги.

Мугалим ар бир жарандын жолун баштаган адам. Бирок бугун мугалимдер оор шарттарда иштеп, минималдуу айлык алып, социалдык колдоодон ажыраган.

Ошондуктан мен төмөнкулөргө жетишүүгө, демилге которүүгө жана колдоого  алам:

  • мугалимдерге коомдук транспортто акысыз жүрүү мүмкунчүлугун берүу боюнча мыйзам кабыл алууу;
  • мугалимдерге жашаган жерине карабастан жеңидетилген медициналык тейлөө корсөтүу;
  • мугалимдердин айлык акысын татыктуу деңелге көтөрүу, мектептерге эр мугалимдерди, жаш адистерди тартуу жана мугалим кесибинин кадыр - баркын кайра жогорулату;
  • жаш мугалимдер учун турак жай программасын түзүу, жеткиликтүу насыяларды беруү, алар кесиптен кетпей, Кыргызстандын келечегин ушул жерде куруш үчүн шарт түзүү;
  • мугалимдерди окутуу жана чыгармачыл долбоорлор үчүн мотивациялык гранттарды киргизүү, заманбап билим берүу ыкмалары менен окутуу аркылуу өлкө мугалимдери менен сыймыктана аларын көрсөтүү.
  • кесиптик жана чыгармачыл багыттагы мектептерди өнүктүругө, Кыргызстан таланттуу
  1. Балдар – бул биздин келечек, аны коргоо зарыл.
  • ар бир бала сүйүдө, коопсуздукта жана өнүгүүгө мумкунчулугу бар шарттарда окуп, өсүшу керек;
  • өкмөт аз камсыз болгон жана мигрант үй – бүлөлөрдүн балдарын колдоого тийиш – аларга татыктуу жашоо мумкунчулугун беруу зарыл;
  • балдарга моралдык, жана психологиялык колдоо көрсөтүүчу Балдарды колдоо борборлорунун тармагын түзүу, үй – бүлөлүк клубдарды ачуу –  ата - эне менен баланын байланышын чыңдоо;
  • мектептерде жана бала бакчаларда тамак аштын сапатын, тарбия жана окуу шарттарын көзөмөлдөө;
  • ар бир мектепте дарыгер же медициналык кызматкер болушун камсыз кылуу, алар окуучуларга жана мектеп кызматкерлерине күтүлбөгөн оруп калуу же кырсык болгон учурда медициналык биринчи жардамды көрсөтө алышы керек;
  • ар бир бала үчүн  сапаттуу жана жеткиликтүу билим берүүну камсыз кылуу;
  • балдарды мекенчилдикке, эмгекти сүйугө жана билимге тарбиялоо;
  • ата – энелерди санариптик сабаттулукка үйрөтүү

 

 

 

  1. Коопсуздук жана армия – элдин тынч жашоосунун негизи.
  • биздин уулдарыбыз үчун адилетту жана коопсуз кызматты камсыздоо, армияда психологдорду ишке тартуу;
  • тартипти, адамдык мамилени жана аскер кызматкерлеринин үй – бүлөлөрүнө колдонуу күчөтүу;
  • ар бир эне өзбаласы үчун тынч болсун – эне тынч болсо, өлкө тынч болот.
  1. Аял үй – булөнүн жана өлкөнүн жүрөгу.
  • Аялдарды зомбулуктан жана укук бузулардан коргоо;
  • Аялдардын ишке орношусун, бизнесин жана кесиптик өнүгүсун колдоо программаларын ишке киргизүу;
  • Көч энеден башталат. Аял – уй-бүлөнун тиреги, үй – булө бекем болсо – Кыргызстан да бекем болот.

Мен максатым – ар бир үй – булө Кыргызстанда өзүнун келечегине ишенич менен карашын камсыз кылуу. Биз бирге кучтүү адилеттүу жана борукер өлкө кура алабыз – анда балдар жылмаят, мугалим сыймыктанат.