САДЫКОВА ВЕНЕРА НАЖИМИДИНОВНА

ӨМҮР БАЯН

Мен, Садыкова Венера Нажимидиновна, 1980-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасында төрөлгөм.

1999-жылы Ош мамлекеттик университетине кабыл алынып, жогорку билим алдым.

2005-жылы эмгек мигранты катары Казакстан Республикасына барып, ошол жакта бир нече жыл эмгектендим. Чет өлкөдө жүргөн мезгилде мигранттардын эмгек жана социалдык көйгөйлөрүн терең түшүнүүтө мүмкүндүк берген баалуу тажрыйба топтодум.

2019-жылы өз мекениме - Кыргыз Республикасына кайтып келдим.

Ошондон бери коомдук иштерге активдуу катышым, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү жана мигранттардын үй-бүлөлөрүн колдоо багытындагы демилгелерди колдоп келем.

Кыргыз Республикасынын жараны. Соттолгон эмесмин. Кызым, уулум бар.

Максатым — элдин ишенимине татыктуу болуп, өлкөнүн өнүгүүсүнө, адилеттүүлүктүн жана жарандардын укуктарынын сакталышына өз салымымды кошуу.