Талапкердин шайлоо алдындагы программасы

 

Мен - Папан жеринин кызымын.

Жөнөкөй үй-бүлөдөн чыгып, көптөр сыяктуу чет жакта эмгектендим.

Мигранттын түйшүгүн, сагынычын, кыйынчылыгын өз башымдан өткөрдүм.

Элге кайтып келип, аялдарга жана мигрант үй-бүлөлөрүнө жардам берүү

ишин баштадым.

Эми максатым — элдин үнүн парламентке жеткирүү!

Аялдардын, үй-бүлөлөрдүн, жаштардын жана мигранттардын укугун коргоо.

Урааным:

«Аял — күч. Аял — өзгөрүү!»

МАКСАТЫМ

Ар бир үй-бүлө татыктуу жашаган, аял урматталган, эмгек бааланган Кыргызстан куруу.

НЕГИЗГИ БАГЫТТАР

  • Мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо.
  • Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү.
  • Жаштарга билим жана жумуш мүмкүнчүлүгү.
  • Айыл чарбасын жана чакан бизнести колдоо.
  • Тунук бийлик жана коррупцияга каршы күрөш.
  • Медицина, билим жана социалдык коргоо.
  • Табиятты сактоо жана жашыл энергия.

Мен бийлик учун эмес, ишеним үчүн барам.

Элдин үнү — менин үнүм.

Мекенге сүйүү, элге ишеним, адилеттикке үмүт!