МАШРАПОВА ГҮЛАЙ ЭГЕМНАЗАРОВНА

 

                                                     ӨМҮР БАЯН

 

 

 

          Мен,   Машрапова Гүлай  Эгемназаровна  1956-жылы 9-октябрында, Кара-Суу районуна караштуу  Жоош айыл аймагынын  Большевик айылында,  жумушчунун үй  бүлөсүндө туулганмын. 1963-жылы  №73  Токтогул атындагы  орто мектебине 1- класска окууга  барып, 1973-жылы  10-классты  аяктадым.

 1973-жылы  Ош шаарындагы  Ош педагогикалык  институтуна тапшырып, 1978-жылы  окуу жайды  ийгиликтүү  бүтүрдүм.  Ошол эле жылы Жоош айыл аймагындагы  №73  Токтогул атындагы  орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими  болуп эмгек жолун баштадым.

           1983-жылдан 1985-жылга чейин  аталган мектепте окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 1985-жылдан 1993-жылга чейин Жоош айылдык Кеӊешинин төрайымы, 1993-1995-жылдары Кара-Суу райондук Кеӊешинин төрайымы, 1995-1997-жылдары Ош облустук билим берүү жана маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1997-1999-жылдары Кара-Суу  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 1999-2007-жылдары Ош облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы, 2008-2009-жылдары Ош облустук  мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары,  2011-2013-жылдары Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы, 2018-жылдан 2023-жылга чейин    Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы  кызматтарын  аркаладым.

           Учурда Жоош айыл аймагынын Большевик айылында  жашайм. Эки уул, бир кызым жана он неберем бар.