Фамилиясы: Машрапова

Аты: Гулай

Атасынын аты: Эгемназаровна

Туулган датасы: 09.10.1956

Иштеген жери жана ээлеген кызматы: Пенсионер

Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны):

Кара-Суу р. Жоош АА Большевик а. төрөлгөн. 1978-жылы Ош педагогикалык институтун аяктагандан кийин, эмгек жолун Токтогул  мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими катары баштап, кийин билим берүү тармагында жана жергиликтүү өз алдынча башкарууда 39 жыл жетекчилик кызматтарды аркалады. Ал Жоош айылдык Кеңешинин, Кара-Суу жана Ош шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, Ош облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчи болуп иштеп, аймактык билим берүү системасын өнүктүрүүгө зор салым кошту. 2018–2023-ж. Кара-Суу р. билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Эки уул, бир кыз жана он неберел үү.

Лозунг: “Элге кызмат кылуу – менин жолум”

КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы:

Парламент - бул убада берүүчү жай эмес, ал чечим кабыл алуудагы каражат. Менин максатым - ушул каражатты өлкө бакубаттыгы үчүн пайдаланып, Кара-Суу районунун жана жалпы Кыргызстан элинин кызыкчылыктарын коргоо.

Менин программам үч негизги принципке негизделет:

  1. Мыйзам чыгаруу жаатындагы өзгөртүүлөр - чыныгы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечкен мыйзамдарды кабыл алуу жана өркүндөтүү.
  2. Парламенттик көзөмөл - мамлекеттик органдар өз милдеттерин кандай аткарып жатканын системалуу түрдө текшерүү.
  3. Жарандардын кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу - адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын демилгелерин улуттук деңгээлде алдыга жылдыруу.

Мен Жогорку Кеңешке дал ушул милдетти аткаруу үчүн - системалуу, ырааттуу жана принципиалдуу иштөө максатында бара жатам. Депутат катары менин миссиям - мыйзамдарга жөн гана добуш берүү эмес, аларды демилгелеп, кабыл алынышына жетишип, аткарылышын көзөмөлдөө жана натыйжасына жетишүү.