КОЗУЕВ АЛИШЕР АБИБИЛЛАЕВИЧ
Өмүр баян
Мен Козуев Алишер Абибиллаевич 1984-жылы Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн Мамажан айылында, мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм.
1990-жылдан 2001-жылга чейин ата-энем эмгектенген Т.Бердибеков атындагы №41 орто мектебинде билим алдым. 2001–2006-жылдары Ош мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер факультетинин “Чет тили жана адабияты” адистиги боюнча билим алып, ал эми 2011-жылы ошол эле окуу жайдын “Экономика жана ишканаларды башкаруу” багыты боюнча экономиканын бакалавры даражасына ээ болдум.
2020–2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты боюнча магистратураны аяктап, магистр квалификациясын алдым.
Эмгек жолумду айыл чарба тармагында баштагам. 2002–2011-жылдар аралыгында “Самидин” дыйкан чарбасында башкы инженер, андан соң агротехник кызматтарында иштедим.
Экономика тармагында билим алгандан кийин, 2011–2017-жылдар аралыгында “Самидин” дыйкан чарбасында экономист болуп иштеп, ошол жылдары мыкты экономист катары бааландым.
Ошол эле мезгилде, 2011–2017-жылдары күйүүчү-майлоочу материалдарды дүң жана чекене сатуу жаатында ишкердик менен алектенип келдим.
2017–2018-жылдары “Россия Нефть” ЖЧКсында аткаруучу директор, 2018–2020-жылдары директор, андан соң 2020–2021-жылдары башкы директор кызматтарын аркалап, жетекчилик тажрыйба топтодум.
2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайландым.
Үй-бүлөлүүмүн, эки уул, үч кыздын атасымын.