Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер
Козуев Алишер Абибиллаевич
“Элдин ишеними - менин күчүм!
Сиздин добушуңуз - менин жоопкерчилигим!”
Шайлоо программамдын негизги багыттары:
- Билим берүү жана саламаттыкты сактоо: Бала бакчаларды, мектептерди жана поликлиникаларды куруу жана жабдуулар менен камсыз кылуу; Билим берүү жана медицина тармагындагы жаш адистер үчүн татыктуу эмгек шарттарын жана турак жай менен камсыздоону көздөгөн мамлекеттик колдоо механизмдерин киргизүү. Айыл мектептери үчүн дүйнөдөгү мыкты билим берүү ресурстарына онлайн жеткиликтүү шарттарды түзүү.
- Ишкердикти өнүктүрүү: Чакан жана орто бизнести колдоо; Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу; Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишкерлерге тоскоолдуксуз шарттарды түзүүнү мыйзам аркылуу камсыздоо; Бизнести өнүктүрүү аркылуу жумуш орундарын түзүү жана жумушсуздукту азайтуу; Экспортко багытталган кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу: сүт, эт, балык, мөмө-жемиш.
- Коопсуздук жана ыңгайлуулук: Коомдук жайларды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жарыктандыруу жана жолдорду оңдоо иштерин күчөтүү; Кара-Суу районунда видеобайкоо камераларынын санын көбөйтүү менен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу.
- Коомдук транспорт: Ош шаары менен Кара-Суу районунун ортосундагы транспорттук каттамдарды кайра карап чыгуу; Бардык тургундар үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатуу; Жүргүнчүлөрдүн чыгымдарын азайтууга багытталган чараларды көрүү.
- Экология жана тазалык: Экологиялык таза коомдук транспортко өтүүнү илгерилетүү; Жеке секторду көмүрдүн ордуна газ сыяктуу таза энергия булактарын пайдаланууга өтүү; Экологиялык таза жылытуу системаларына жеңилдетилген шарттарда субсидия берүү боюнча программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
- Инфраструктура: Кара-Суу районундагы суу жана электр тармактарынын эскирүүсүн чечүү; Канализация системасы жок аймактарда бул маселени ыкчам чечүү боюнча чара көрүү.
- Социалдык колдоо: Мүмкүнчүлүгү чектелген, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, көп балалуу үй-бүлөлөргө, пенсионерлерге жана муктаж жарандарга социалдык жөлөкпулдардын көлөмүн жогорулатуу боюнча жумуштарды алып баруу; Муктаждарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнү ар бир айылга жеткиликтүү кылуу; Аялуу катмарлар үчүн толук социалдык камсыздоо системасын иштеп чыгуу.
- Эс алуу жана маданият
Бардык жарандар, анын ичинде окуучулар жана карылар үчүн бекер ийримдерди жана спорттук секцияларды уюштуруу;
Сейил бактарды, ачык спорт аянтчаларын жана велосипед жолдорун куруу.