БАКИР УУЛУ ТУРСУНБАЙ
Талапкердин кыскача өмүр баяны
1958-жылдын 17-мартында Кара-Суу шаарында төрөлгөн.
1975-жылы Кара-Суу шаарында Ленин атындагы орто мектепти аяктаган.
1973-жылы Кара-Суу шаарында тактай кампасында жыгач уста, 1974-жылы РайПОдо штукатур-маляр жана 1975-1976 жылдары Ош СМУ-3 тө бетон куюучу болуп иштеген. Фрунзе шаарындагы Темир-Бетон буюмдар заводунун N2 Үй-куруу комбинатында калыптоочу болуп эмгектенген. Советтик Армиянын катарында 1977-1979 жылдары кызмат өтөгөн. 1981-жылы РСФСРдин Ярославль облусундагы коргонуу өнөр жайынын тажрыйба-эксперименттик өндүрүшүндө мастер болуп, 1982-1983 жылдары Фрунзе шаарындагы ИИМдин 1-Май райондук бөлүмүнүн карамагындагы күзөт кызматында иштеген.
1974-жылы СССРдин 50 жылдык атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факултетин жана 1990-жылы Киевдеги Т.Г.Шевченко атындагы мамлекеттик университеттин аспирантурасын бүтүргөн. Философия илимдеринин кандидаты. 1984–1995-жылдары Ош мамлекеттик университетинде ага окутуучу болуп иштеген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин I, II жана V чакырылыштарынын депутаты болгон. Эл аралык иштер, парламент аралык байланыштар жана ЖМК боюнча комитеттин төрагасы, геосаясат боюнча комиссиянын жетекчиси, КМШнын Парламент аралык Ассамблеясында тышкы саясат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2011-жылы КР Президентине караштуу ырайым берүү Комиссиянын мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын биринчи Акыйкатчысы (Омбудсмени) 2002–2008-жылдары,
Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси болуп 2009–2010-жылдары иштеген. 2019–2023-жылдары И.Арабаев атындагы КМУда профессордун м.а. болуп иштеген.
Кыргыз Республикасынын, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) жана башка бир катар өлкөлөрдүн ардак грамоталары, медалдары жана ордендери менен сыйланган. 1998-жылы Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси деген жогорку дипломатиялык ранг берилген. 2005-жылы мамлекеттик кызматтын 1-класстагы Мамлекеттик кеңешчиси деген жогорку наам ыйгарылган.
1999-жылы ажылык сапарга барып келген, 2014-жылы умра зыяратын аткарган. 1990 жана 2010-жылдары өлкөнүн түштүгүндө болгон улут аралык коогаландарды токтотууга, ошондой эле 1999-жылкы Баткен согушун токтотууга, тынчтыкты орнотууга жана ИДУнун моджахеддеринин туткунунан генерал баш болгон кыргыз жоокерлерди жана жапон жарандарынын бошотулушуна чоң салымын кошкон.
1991-жылы КРнын тунгуч саясий партиясы – “ЭрК” (“Эркин Кыргызстан) төрагасынын орун басары, 1995-жылдан ушул күнгө чейин партиянын төрагасы. 1994-1995 жылдары “Түрк-Ата” коомдук бирикменин жана “Түрк-Атанын балдары” эл аралык кайрымдуулук уюмунун төрагаларынын 1-орунбасары болгон. 2013-2016 жылдары КР бильярд спорту боюнча Федерациянын Президенти болгон.
Үй-бүлөлү. Алты уулу жана жети кызы бар. Кыргыз, өзбек, түрк, тажик, орус, украин жана англис тилдерин билет. Ичпейт жана чекпейт.