Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:

1) КР Жогорку Кеңешинин мурдагы чакырылыштарындагыдай эле шайлоочулар менен байланышты жоготпоо;

- аткарылган иштер жөнүндө отчет түрүндө алар менен туруктуу жолугушууларды өткөрүү,

- алар менен маанилүү мыйзам жана токтомдордун долбоорлорун, анын ичинде өзүм демилгендерди, талкуулоо;

-тигил же бул мыйзам долбоорлору, өлкөдөгү социалдык-саясий кырдаал боюнча өзүмдүн добуш берүүмдү түшүндүрүү;

- жарандарды жана алардын арыздарын жеринде кабыл алуу үчүн Кара-Суу шаарында жана айыл аймактарда туруктуу депутаттык кабылдамаларды ачуу;

- Жогорку Кеңештин имаратында шайлоочуларды түздөн-түз кабыл алуу;

- Вотсапп топторундагы шайлоочулар менен түз байланышта болуу;

- шайлоочуларды, алардын мектеп жана студенттик курактагы балдарын Жогорку Кеңештин жыйындарына түздөн-түз чакырып туруу;

- шайлоочулар жана алардын балдары үчүн ар кандай конкурстарды жана спорттук мелдештерди уюштуруу.

2) элдин жашоосун жакшыртуучу, коомдогу социалдык-саясий жана экономикалык көйгөйлөрдү чечүүчү мыйзам жана токтомдордун долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле бардык маселелер боюнча принципиалдуу добуш берүү менен башка депутаттар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорун жана токтомдорду активдүү талкуулоо.

3) бекитилген бюджеттик каражаттардын жана тартылуучу инвестициялардын эсебинен аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте шайлоочулардын социалдык-тиричилик проблемаларын чечүү менен активдүү алектенүү.

4) өлкөнүн социалдык, руханий, саясий жана экономикалык турмушунун бардык, анын ичинде эл аралык жана улуттар аралык маселелеринде, кесипкөйлүктү, мекенчилдикти, жарандык позицияны жана принципиалдуу жоопкерчиликти көрсөтүү.

 

Талапкердин шайлоого катышуусу :

- 1995, 2000, 2005, 2010, 2015, 2021, 2023 жана 2024 жылдардагы парламенттик шайлоолордо;

- 1995 (шайлоодон четтетилген), 2000, 2005, 2009 (шайлоодон алынган), 2011, 2017 (шайлоодон өзүн алган) жана 2021 (шайлоодон өзүн алган) жылдардагы президенттик шайлоолордо.