ОРМОНОВА АВАЗКАН ЧЫНБЕРДИЕВНА
Өмүр баян
Мен, Ормонова Авазкан Чынбердиевна, 1972-жылдын 4-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районунда кызматкердин үй-бүлөсүндө туулганмын.
Атам - Ормонов Чынберди өмүрүнүн акырына чейин совхоздо инженер тармагында иштеп келген. Апам - Ормонова Малийка өмүр бою дыйкан чарбада эмгектенген. Ата-энем экөө тең дүйнөдөн өтүшкөн. Сегиз бир туугандын алтынчысымын.
Мен 1979-жылы Кара-Суу районундагы Кызыл-Сарай мектебине барып, 1989-жылы Кызыл-Кошчу айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепти бүтургөнмүн. 1991–1996-жылдары Кыргыз улуттук университетинин информатика жана колдонмо математика факультетинде “Колдонмо математика” адистиги боюнча жогорку билим алганмын. 2001–2004-жылдары ошол эле университеттин “Финансы жана кредит” адистиги боюнча кошумча билим алдым.
Эмгек жолум 1997-жылы Энергетика жана микроэлектроника институтунда илимий кызматкер болуп иштеп, компьютердик сабаттуулук боюнча сабак бергем.
1999–2003-жылдары Ош облусунун ар түрдүү уюмдарында, анын ичинде “Данида” чоңдорго билим берүү борборунда, “Аялзат” аялдардын демилгелүү борборунда жана “Аялдарды кичи жана орто бизнеске тартууга көмөктөшүү” коомдук фондунда бизнес боюнча консультант болуп эмгектендим. 2003-жылдан бери Эл аралык эмгек уюмунун (МОТ) “Бизнесиңизди баштаңыз жана өркүндөтүңүз” программасы боюнча мастер-тренер жана Эл аралык эмгек уюмунун расмий лицензиясына ээмин.
Учурда “ДИА” коомдук фондун жетектеп келем. Уюм аялдардын экономикалык потенциалын, лидерлик жөндөмүн жана жергиликтүү деңгээлдеги чечим кабыл алуу процессине катышуусун жогорулатууга багытталган ондогон долбоорлорду ишке ашырган.
ПРООН, ЕККУ, ЮНИФЕМ, БУУнун Аялдар уюму, Азия өнүктүрүү банкы, Европа Биримдиги, Дүйнөлүк банк жана башка эл аралык уюмдар менен кызматташып келем. Бул ишмердүүлүктө мен гендердик теңчилик, ишкердикти өнүктүрүү, социалдык мобилизация жана аялдардын саясатка катышуусу багытында гендердик эксперт, долбоордун аймактык координатору, тренер-консультант жана долбоордын жетекчеси болуп иштедим.
2012-жылдан бери Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңешинин депутаты болуп келем. 2021- 2022- жылдары айылдык кеңештин төрайымы болдум. 2024-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Жоош айылдык кеңештин төраганын орун басарымын. Ошондой эле бир катар коомдук кеңештердин жана комиссиялардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссиянын активдүү мүчөсү болдум (2014–2019-жж.).
Коомдук ишмердүүлүгүмдүн жүрүшүндө аялдардын ишкердик жөндөмүн өнүктүрүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыңдоого жана аялдардын укуктарын илгерилетүүгө багытталган 20дан ашуун ири социалдык жана билим берүү долбоорлорун ишке ашырдым.
Сыйлыктар жана наамдар:
- Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2011-ж.)
- “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун отличниги” Ардак белгиси (2015-ж.)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы (2018-ж.)
- “Датка айым” медалы (2014-ж.)
- “Кара-Суу районунун ардактуу атуулу” наамы (2012-ж.)
- ПРООН, Ош облустук администрациясы жана башка мекемелердин көптөгөн ыраазычылык каттары жана грамоталары.
АКШ, Германия, Польша, Малайзия, Улуу Британия, Молдова, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттерде гендердик саясат, социалдык өнөктөштүк жана аялдардын саясаттагы ролу боюнча эл аралык конференцияларга жана форумдарга катышып, Кыргызстандын атынан өкүлчүлүк кылып келем.
Эч кандай партиянын мүчөсү эмесмин, соттолгон эмесмин. Психикалык жана наркологиялык каттоодо турбайм.
Үй-бүлөлүк абалым: жалгыз бой аялмын. Бир кызым бар — Акбермет, 2010-жылы төрөлгөн. Азыр билим алып жатат.