Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин депутаттыгына

талапкер

 

Ормонова Авазкан Чынбердиевнанын                                    

шайлоо алдындагы платформасы


«Жаңы дем - жаңы келечек!»

 

Максатым:

Ар бир адам үчүн коопсуз чөйрөнү түзүү жана бактылуу үй-бүлө курууга мүмкүнчүлүк берген өлкөнү калыптандыруу.

Социалдык биримдүүлүк жана бактылуу үй-бүлө:

  • Коомдогу ынтымакты жана социалдык биримдүүлүктү күчөтүү, маданий иш-чаралар аркылуу кызматташуу маданиятын өнүктүрүү.
  • Социалдык колдоо чараларын бекемдөө – муктаж үй-бүлөлөргө, көп балалуу ата-энелерге жана улгайган адамдарга жардам көрсөтүүнү кеңейтүү.
  • Бюджеттен каражат бөлүштүрүүдө приоритеттуу багыт катары - бала бакчалардын жана мектептердин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
  • Саламаттыкты сактоо жана оорулардын алдын алуу программаларын колдоо, аймактарда медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Билим берүү жана жаштарды колдоо:

  • Мектептерде заманбап билим берүү жана санариптик технологияларды киргизүү боюнча мыйзамдарды сунуштоо.
  • Жаштар үчүн ментордук жана лидерлик программаларын иштеп чыгуу, алардын потенциалын ачууга жана коомго салым кошуусуна шарт түзүү.
  • Чет өлкөдөн тажрыйба алган жаштарга бизнес ачууга мүмкүнчүлүк берүүчү программаларды демилгелөө.
  • Өспүрүмдөрдүн психологиялык өнүгүүсүн жана журум-турумун колдогон программаларды иштеп чыгуу.

Адамдык капиталды өнүктүрүү

  • Ар бир жаранга сапаттуу билим жана жеткиликтүү саламаттык сактоону камсыз кылуу.
  • Жаштар үчүн билим алуу, жумуш табуу жана потенциалын ачуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
  • Аялдардын ишкердикке, саясатка жана коомдук турмушка активдүү катышуусуна шарт түзүү.
  • Инновацияларды, жаңы технологияларды жана чыгармачылыкты колдоо.

Адилеттүүлүк жана коопсуздук

  • Коррупцияга каршы мыйзамдарды күчөтүү, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана бюджеттин ачыктыгын камсыз кылуу.
  • Шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана добуш сатып алууга каршы күрөшүү.
  • Жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн тарбиялык, маданий жана спорттук программаларды колдоо.

Күчтүү экономика жана жаңы жумуш орундар

  • Дыйкандарды, чакан жана орто бизнести колдоого багытталган мыйзамдарды кабыл алуу.
  • Микрокаржылоо жана жеңилдетилген насыя программаларын киргизүү.
  • Айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө шарт түзүү.

Региондорду өнүктүрүү

  • Калктын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
  • Айылдык инфраструктураны (жолдор, суу, электр энергиясы) өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдарды колдоо.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкарууну күчөтүү жана жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын камсыз кылуу.
  • Аймактык экономиканы колдоо үчүн инвестицияларды тартуу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү.